Image default
Жанылыктар

Жаштар жумалыгынын алкагында “Китеп окуган жаштар – өлкөнүн келечеги”! аттуу иш-чара өттү

Бүгүн, 10- ноябрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын улуттук китепканасында “Келечек” жаштар платформасынын жана “Жаштар жумалыгынын” алкагында “Китеп окуган жаштар – өлкөнүн келечеги”! аттуу коомдук-маданий иш-чара болуп өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков жана жаштар катышты.
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев жана министрдин орун басары Союзбек Надырбеков иш-чарага катышкан жаштарды бүгүнкү 10- ноябрь жаштар күнү менен куттуктап, өлкөнүн келечеги билимдүү жаштардын колунда экенин баса белгилешип, жаштарды билимдүү болууга чакырышты.
Иш-чарада көрүүчүлөргө жаш кол өнөрчүлөрдүн колунан жаралган ар кандай жанрдагы сүрөттөрдүн жана дизайнерлердин коллекцияларынын көргөзмөсү тартууланды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Возможно, это изображение 2 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 2 человека и люди стоят
Возможно, это изображение 4 человека, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 8 человек, люди стоят и в помещении