Image default
Жанылыктар

Жаштардын “Келечек” интеллектуалдык “Билим таймаш” сынагы өттү

Жаштардын “Келечек” интеллектуалдык “Билим таймаш” сынагы өттү.
Бүгүн, 11-ноябрда Бишкек шаарындагы Салымбеков университетинде жаштардын “Келечек” интеллектуалдык “Билим таймаш” оюну болуп өттү.
Интеллектуалдык оюн 10-ноябрь-Жаштар күнүнө карата даярдалган жаштар жумалыгынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.
Жаштардын билим деңгээлин өрчүтүү үчүн уюштурулган билим таймашка Бишкек жана Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайларындагы 1-2-курста окуган студенттерден түзүлгөн командалар катышып, күч сынашты.
Жаштардын жөндөмүн арттырган бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Аида Исатбек кызы катышып, интеллектуалдык таймаштын катышуучуларын куттуктап, жаштарды билимдүү болууга, эмгекти сүйүүгө чакырышты.
Таймашка бардыгы 20 команда катышты.
Таймаш үч этаптан туруп, биринчи этапта командалар жалпы дүйнө таанымга тиешелүү болгон суроолорго жооп беришти.
Экинчи этапта “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө” карата суроолор берилди.
Үчүнчү этап “Эң мыкты оюнчуну” аныктоо үчүн болду.
Аталган этапта ар бир командадан бирден катышуучу чыгып, алып баруучу тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.
Оюнда эң көп упай топтогон команда жеңишке жетип, баалуу белектер менен сыйланды.
Жыйынтыгында алдыңкы орундарды төмөнкү командалар ээлешти:
1-“Элдин балдары” командасы
2-орун: “Альфа” командасы
3-орун: “Билимкана” командасы
Ал эми калыстар тобунун чечимине ылайык, “Мыкты оюнчу” номинациясына
1-орун:Айтеңир Жамакеев
2-орун:Нуриза Алимбаева
3-орун: Илязбек Тилешбаев
Иш-чаранын соңунда жеңишти камсыздаган катышуучуларга сертификаттар жана баалуу белектер тапшырылды.
Возможно, это изображение 3 человека, ребенок, люди стоят, люди сидят и в помещении
Возможно, это крупный план (4 человека, люди стоят, очки для зрения и в помещении)
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят, люди стоят, в помещении и текст
Возможно, это изображение 5 человек, люди стоят и в помещении
Возможно, это изображение 3 человека, люди сидят, люди стоят, костюм и в помещении
Возможно, это изображение 1 человек, стоит и костюм