Image default
Жаңылыктар

Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты

Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
Спортчу 60 кг салмак даражада беттешет.
Жоламан Шаршенбеков алгач 1/8 финалдан баштап, Венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалда спортчу АКШлык Илдар Хафизов менен беттешет.