Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында Болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарян менен күч сынашат.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команданын мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Бүгүн, Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до финалдык беттеште Жоламан Шаршенбеков Болгарялык Эдмонд Армен Назарян менен күч сынашат.
Спортчу 60 кг салмак даражада беттешет. Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда Венгриялык балбанды, 1/4 финалда АКШлык балбанды жеңип жарым финалга чыккан.
Жарым финалды Казакстандык Айдос Султангали менен күч сынашып 7:0 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды