Image default
Жоламан Шаршенбеков жарым финалда.
Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.Спортчу 60 кг салмак даражада беттешет.
Жоламан Шаршенбеков алгач 1/8 финалдан баштап, Венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыккан. 1/4 финалда спортчу АКШлык Илдар Хафизов менен беттешип 4:0 эсебинде утту.
Белгилей кетсек, жарым финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:45 болот. Түз эфир uww.org сайты аркылуу көрсөнүздөр болот.