Гитараны мыкты черткендерге сынак

Классикалык гитаранын жана гитара сүйүүчүлөрдүн

1-ФЕСТИВАЛЬ-СЫНАГЫ

Кулактандыруу
Кыргыз Республикасынын  маданият, маалымат жана туризм министрлиги“Аскар Салымбеков” Коомдук Фонду менен  биргелешип,

2018-жылдын  20-майынан тартып 1-июнуна чейин Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча
гитара өнөрүн жакшы билген классикалык Гитара жана гитара
сүйүүчүлөрдүн кароо-сынагын жарыялайт.
Кароо-сынакка катышуучулардын курагы чектелбейт. Жынысына
карабастан Кыргызстандын бардык жаран катышууга укуктуу.
Кароо-сынактын эрежелери боюнча Массалык-маалымат каражаттарда
жарыяланган 1-ФЕСТИВАЛЬ-КАРОО-СЫНАКТЫН Жобосунан билип
алсаңыздар болот.
Кароо-сынакка катышуучулар Кыргыз Республикасынын маданият,
маалымат жана туризм министрлигине 2018-жылдын 1-июнуна чейин
төмөндөгүдөй документтерди тапшырууга тийиш.
1. Катышуу жөнүндө арыз
2. Паспортунун же туулгандыгы жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү
3. Аткарган эмгек стажы боюнча маалымат
4. Өзү жана чыгармачылыгы жөнүндө өздүк баяндама
5. Жашаган жеринин дареги жана уюлдук байланыштары
Кароо-сынактын өткөрүлө турган күнү туурасында документтер
толук кабыл алынгандан кийин маданият министрлигинен билүүгө
болот.
Кароо-сынактан өткөндөр 2018-жылдын июль айында Чолпон-Ата
шаарында өтүүчү Гала-Концертке катышууга укук алат жана жеңүүчүлөргө
орундар, о. э. түрдүү номинациядагы байгелер ыйгарылат.
Катышууга шашылыңыздар!!!!