Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы №278 “Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө” Токтомуна ылайык Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин башкы директорунун кызмат орунуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлган:
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билими: гуманитардык, педагогикалык, экономика жана башкаруу, маданият жана искусство, музейлердеги иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес же маданият жана искусство чөйрөсүндөгү жетекчилик кызмат орундарында иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес.
Илимий даражасынын болушу артыкчылыктуу.
Бош орунга катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексин өнүктүрүү программасы;
резюме (байланыш телефон номерин, электрондук почтаны көрсөтүү менен),
автобиография (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
кадрларды эсепке алуу баракчасы;
нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
паспорттун көчүрмөсү.
Бардык документтер папкага тиркелип, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнө 2024-жылдын 23-апрелине чейин тапшырылууга тийиш.
Дареги: Бишкек ш., Пушкин көч., 78, №108 кабинет (саат 9.00дөн 18.00гө чейин), байланыш телефону: +996 312 662683.
Талаптарга жооп берген катышуучулар аңгемелешүүгө чакырылат.