Кыргыз жараны

Август 23, 2023 - 19:32
Сентябрь 14, 2023 - 19:33
 1  889
Кыргыз жараны

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы «2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө»

Бишкек шаары, 2020-жылдын 13-ноябры ПЖ № 39

Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясынын логикалык уландысы болуп саналат. Концепцияда Кыргыз Республикасында улуттук саясатты калыптандырууга жаңы мамиле жасоо — Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү процессин баштоо сунушталат. Этностор аралык ынтымакты бекемдөөгө, жарандык бирдейликти жана туруктуулукту камсыздоого өбөлгө түзүүчү мындай саясатты улантуу зарылчылыгын тажрыйба көрсөттү.

Учурда ийгиликтүү жана өнүккөн мамлекетти курууга умтулган, түрдүү маданий, этностук, диний салттарды карманган жарандардын жамаатын калыптандырууга багытталган 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы ишке ашырылууда. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусу өлкөнүн көз карандысыздыгын жана анын бакубатчылыгын бекемдөөнүн социалдык негизин түзөт жана принциптердин жана көз караштардын расмий системасы болуп саналат.

Кыргыз жараны — бул этностук, диний, социалдык жана региондук таандыктыгына карабастан, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык укуктары жана милдеттери бар Кыргыз Республикасынын жараны. «Кыргыз жараны» деген термин өлкөнүн аталышы болгон «Кыргыз Республикасы» деген аталыштан келип чыгат жана өздөрүнүн этномаданий таандыктыгын сактоо менен бардык этностук жамааттарды бириктирген жалпы жарандык бирдейликтин термини болуп саналат.

Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү ар бир кыргыз жаранын өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий турмушуна катышуусу үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, коомдо көп түрдүүлүктү сактоо жана толеранттуулукту жогорулатуу жолу менен жетишилет. Толеранттуулук жана көп түрдүүлүк деген баалуулуктар ар түрдүү социалдык топтордун жана этностук жамааттардын ортосунда активдүү кызматташууну, өнөктөштүктү жана биргелешкен ишмердүүлүктү талап кылат.

Мамлекеттик тил Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү маанилүү факторлордун бири болуп эсептелет.

Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусу билим берүүнүн, маданияттын, үй-бүлөдө жана коомдо инсанды тарбиялоонун жана өстүрүүнүн бир бөлүгү болушу керек. Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясынын идеяларын жайылтууда мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдары өзгөчө орунду ээлейт, алар бекитилген конституциялык ченемдерди ишке ашырууга жана ар бир жарандын керектөөлөрүн камсыз кылууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын этностук жамааттарынын жарандык биригүүсү жана Кыргыз жараны деп өзүн таануусу жарандардын кызыкчылыгы сакталган мамлекетте калыптануусу зарыл экендигин эске алып, токтом кылам:

  1. 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы (мындан ары — Концепция) бекитилсин.
  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

— Концепцияны ишке ашыруу боюнча 2021-2026-жылдарга иш-чаралардын планын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун сунуштарын эске алып, ачык-айкын чараларды, каржылоо булактарын, аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, аткарылышы үчүн жооптуу органдарды жана кызмат адамдарын аныктоо менен үч айлык мөөнөттө иштеп чыгуу жана бекитүү;

— мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен бирдикте Концепцияны ишке ашыруу боюнча 2021-2026-жылдарга иш-чаралардын планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылуу.

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен бирдикте Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн негизинде Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча туруктуу ишти жүргүзсүн.
  1. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
  1. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

«Эркин Тоо» газетасынын 2020-жылдын 1-декабрындагы N 98 жарыяланды

КОНЦЕПЦИЯ