2018 - жылы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти телерадиоумдарга жана операторлорго жалпы 574 уруксат кагазын тапшырды

25.12.2018

2018 - жылы Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти телерадиоумдарга жана операторлорго жалпы 574 уруксат кагазын тапшырды.

2018 -  жылдын февраль айынан тартып, Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти 574 телерадиоканалдарага уруксат кагазын тапшырды. Алардын 121 -телерадиоуюмдарга (85и телеканалдарга, 36сы радиоканалдарга) жана 453 телерадиоберүүнү таратуучу жети операторго уруксат берилди. Берилген уруксаттарга ылайык, 121 телерадиоуюм ачык түрдө көрсөтүлөт, факт боюнча эфирдик сегментте (4 мультиплекс) 62 телеканал, ал эми код коюлган 453 телеканал (кабелде) көрсөтүлөт.

Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директору Бактыгул Норузбаеванын маалыматы боюнча 2018- жылы Департамент алгачкы жолу  телеберүү рыногунун  кырдаалын, ишмердүүлүгүн   жана алар тарабынан лицензиялык талаптарды сактоо боюнча анализин жүргүзүп баштады. Уруксат берүү функциясы Маалымат департаментине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017- жылдын 30- октябрындагы №719 “Колдонулуучу технологияларга карабастан аналогдук берүүдө жана (же) берүүнүн санариптик пакетинде телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомунун негизинде берилген. Андыктан, бул иш-чараларды алдыга жылдыруу боюнча болгон күч-аракеттер жумшалып жатат деп билдирди.

Учурда, уруксат алган  телерадиоуюмдардын жана телеоператорлордун  реестри  Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин www. aimakpress.kg  сайтына жайгаштырылган.

Уруксат алуу үчүн телерадиоуюмдар  жана операторлор  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген токтомго ылайык акча каражатын төлөшөт.

Иш-аракеттин аталышы

Өлчөө бирдиги

Жыйымдын өлчөмү (сом)

1

Уруксат берүү

1

300

2

Уруксатты кайра тариздөө

1

200

3

Уруксаттын дубликатын берүү

1

100

 

Уруксат алууда төмөндөгү шарттар милдеттүү болуп эсептелет.

1) уруксатты берген лицензиардын аталышы;

2) телеканалдын толук жана кыскартылган (эгер болсо) аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы;

 3) лицензиаттын аталышы:

- юридикалык жак үчүн - уюштуруу-укуктук формасы, мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндөгү күбөлүктүн номери;

 

- жеке жак үчүн - аты-жөнү, ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтердин маалыматы; 

- жеке ишкер үчүн - мамлекеттик каттоо жөнүндө жазуунун каттоо номери;

 4) уруксаттын колдонуу мөөнөтү;

 5) уруксатты колдонуу аймагы;

 6) уруксат берилген дата жана каттоо номери;

 7) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;

 8) сигналды жеткирүү ыкмасы(-лары) (башкы станцияга чейин, керектөөчүгө чейин);

 9) берүүнүн түрү(-лөрү) (ачык жана/же код коюлган түрдө);

 10) чет өлкөлүк телерадиоканалдардын ретрансляциялоосунун көлөмү (толук, жарым-жартылай).

 10. Уруксаттын бланктары типографиялык ыкма менен дайындалат, эсеп сериясы жана номери бар жана так отчеттуулук документи болуп эсептелет. Уруксаттын бланктарын даярдоо, эсепке алуу сактоо лицензиар тарабынан ишке ашырылат.

 11. Уруксаттын бланкы ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча таризделет.

 12. Уруксат жоголгон, бузулган учурда лицензиат уруксаттын дубликатын алууга укуктуу.

 Эске салсак, Кыргызстанда эң алгачкылардан болуп уруксат кагазын  “Азия ТВ” телеканалы 2018-жылдын 16-февралында алган.

 

НОВОСТИ

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору иш –чарасына карата аянттагы сүрөт галерея орнотулду.

Подробнее...

Ош – түрк дүйнөсүнүн маданий борбору. Кандай маданий иш – чаралар өтөт......

Подробнее...

Ош- культурная столица тюркского мира. Какая культурная программа ждет......

Подробнее...

19 апреля 2019 года перед фасадом Государственного Национального русского театра драмы им. Ч.Айтматова состоится церемония открытия горельефа (стелы).

Подробнее...

Кинорежиссер, СССРдин Эл артисти жана дипломат Төлөмүш Океевге арналган “Мезгилдердин чаңы (желеси, көшөгөсү) артынан...” Вернисаж фото көргөзмөсү ачылат.

Подробнее...

Бүгүн 18- апрелде Кыргыз Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинде Салттуу музыка жумалыгана" арналган маалымат жыйыны өттү.

Подробнее...

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, биринчи даражадагы Манас орденинин ээси, манасчы Жусуп Мамайдын туулган күнү.

Подробнее...

Жаңы спектаклдын премьерасы жана КР эмгек сиңирген артисти Сайрабүбү Мырсалиеванын 60 жылдыгы

Подробнее...

Министерство культуры, информации и туризма КР размещает проект среднесрочной стратегии бюджетных расходов на 2020-2022гг.

Подробнее...

"Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" аттуу эл аралык салтанатына чет өлкөлүк өнөрпоздор келип баштады.

Подробнее...