Дене тарбия жана спорт департаменти

Сентябрь 3, 2023 - 21:26
Сентябрь 14, 2023 - 18:50
 0  134
Дене тарбия жана спорт департаменти

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин дене тарбия жана спорт чөйрөлөрүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча функцияларды камсыздоочу ведомстволук мекеме болуп саналат.

Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жана Министрликтин чечимдерин жетекчиликке алат.

Департамент мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында иштеген, юридикалык жактын укук жөндөмдүүлүгүнө ээ жана өзүнө бекитилген мүлктү оперативдүү башкарат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен башка мөөрлөрү, штамптары, Казыналык системасында алыш-бериш, учурдагы жана башка эсептери бар. Департаменттин мүлкү мамлекеттик менчик болуп саналат жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген. Департамент Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин укук улантуучусу болуп саналат.

Департаменттин максаты Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү болуп эсептелет.

Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) сергек жашоо образын жайылтуу;

2) өлкөнүн калкынын дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна шарттарды түзүү жана андан ары өркүндөтүү;

3) өлкөнүн эл аралык спорттук беделин калыптандыруу жана чыңдоо.