Олимпиада оюндарына катышуу тарыхы

Сентябрь 3, 2023 - 21:24
Октябрь 2, 2023 - 12:18
 0  112
Олимпиада оюндарына катышуу тарыхы

Кыргызстандык спортчулар Олимпиада оюндарына 1960-жылдан тарта катышып баштаган. Кыргызстандык спорчулардын катарынан биринчилерден ат спорту боюнча Сайботалл Мурсалимов Олимпиадага катышкан. Ал Римде (Италия) өткөн Олимпиадада СССРдин курама командасынын курамында 5-орунду ээлеген. Ошондой эле Сайботалл Мурсалимов Токиодо (Япония) 1964-жылы өткөн Олимпиадага катышкан. XVIII Олимп оюндарына (Токио, 1964-жылы) биздин экинчи атлетибиз Леонид Иванов катышкан. 10 000 метр аралыгында ал финишке бешинчи болуп келди. «Человек-машина» атка конгон Отто Барч үч Олимпиада оюндарына катышкан: 1968-жылы Мехикодо (Мексика) өткөн Олимп оюндары (спорттук басуу, 20 км), 1972-жылы Мюнхенде (ФГР) өткөн Олимп оюндары (спорттук басуу, 50 км, 20 км), жана 1976-жылы өткөн Монреалда (Канада) (спорттук басуу, 20 км). 1968-жылы СССРдин курама командасына Вера Корсакова (барьердик чуркоо, 80 м) жана Ахмед Анарбаев (сууда сүзүү, эстафета 4х100м эркин стилинде) тартылган, 1972-жылы Валентина Чичаева (Бубнова) (жеңил атлетика, эстафета 4х400м) СССРдин курама командасына тартылган. Александр Абушахметов 1976-жылы Монреалда өткөн Олимпиада оюндарына катышып, СССРдин командасынын курамында фехтование боюнча командалык биринчилигинде 5-орунду ээлеген. 1960-жылдан тарта 1976-жылга чейин Кыргызстандын спортчулары СССРдин курама командасынын курамында Олимпиада оюдарына татыктуу катышып келишкен, бирок медалдарга жетишкен эмес. 1980-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин СССРдин курама команданын жана Бириккен команданын (КМШ), ошондой эле эгемендүү Кыргызстандын курама командасынын курамында биздин спортчулар ар кандай даражадагы медалдарды утуп алышкан. Олимпиада оюндарынын чемпиондорунун жана байгелүү орундардын ээлеринин тизмеси:

Спортчулар Спорттун түрү Медаль Олимпиада оюндары
1. Владимир Максимов Гандбол Алтын 1976-жыл, XXI Олимпиада оюндары,  Монреаль (Канада)
2. Каныбек Осмоналиев Оор атлетика Алтын 1980-жыл, XXII Олимпиада оюндары,  Москва (СССР)
3. Александр Мелентьев Ок атуу Алтын 1980-жыл, XXII Олимпиада оюндары
4. Татьяна Колпакова Жеңил атлетика (узундукка секирүү) Алтын 1980-жыл, XXII Олимпиада оюндары
5. Александр Блинов Троеборье Алтын командалык биринчиликте, жеке зачетто күмүш 1980-жыл, XXII Олимпиада оюндары
6. Сатымкул Джуманазаров Марафон Коло 1980-жыл, XXII Олимпиада оюндары
7. Александр Абушахметов Фехтование (командалык шпага) Коло 1980-жыл, XXII Олимпиада оюндары
8. Мария Кульчунова Жеңил атлетика (4х400 эстафета) Алтын 1988-жыл, XXIV Олимпиада оюндары,  Сеул (Корея Республикасы)
9. Сергей Фокин Футбол Алтын 1988-жыл, XXIV Олимпиада оюндары,
10. Валерий Лосев Волейбол Күмүш 1988-жыл, XXIV Олимпиада оюндары
11. Татьяна Сидоренко Волейбол Алтын 1988-жыл, XXIV Олимпиада оюндары,
12. Татьяна Сидоренко Волейбол Күмүш 1992-жыл, XXV Олимпиада оюндары,  Барселона (Испания)
13. Елена Баранова Баскетбол Алтын 1992-жыл, XXV Олимпиада оюндары
14. Талант Дүйшөбаев Гандбол Алтын 1992-жыл, XXV Олимпиада оюндары
15. Айдын Смагулов Дзюдо Коло 2000-жыл, XXVII Олимпиада оюндары,  Сидней (Австралия)
16. Канат Бегалиев Грек-рим күрөшү Күмүш 2008-жыл, XXIX Олимпиада оюндары,  Пекин (КЭР)
17. Руслан Түмөнбаев Грек-рим күрөшү Коло 2008-жыл, XXIX Олимпиада оюндары
18. Базар Базаргуруев Эркин күрөш Коло 2008-жыл, XXIX Олимпиада оюндары