Эстрада ырчы-аткаруучулар арасында “TALANT show ” республикалык сынагы өтөт

Май 15, 2024 - 20:26
 62
Эстрада ырчы-аткаруучулар арасында “TALANT show ”  республикалык сынагы өтөт
2024-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу” жана “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыктарынын алкагында кыргыздын улуттук маданиятын, музыкалык искусство чеберчилигин өнүктүрүү, чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүгө багытталган “TALANT show” республикалык кароо-сынагы өтөт.
Музыканын сапатын жогорку деңгээлге көтөрө турган уникалдуу платформа түзүү, көрүүчүлөргө фонограммасыз ырдаган таланттуу жаңы үндөрдү тартуулоо, кыргыз эстрада ырчыларынын жаңы муундарын тарбиялап чыгаруу, сынактын алкагында композиторлорго, акындарга, музыканттарга жана аранжировка менен адистешкендерге чыгармачылыгын өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөгөн сынакка 15-35-жашка чейинки курактагы өнөр адамдары катыша алат.
Өлкөдөгү жаңы таланттарды аныктоо, Кыргызстандын эстрада жана элдик музыкасын жайылтып, келечекте “TALANT show” сынагы музыканын сапатын жогорку деңгээлге көтөрө турган, көрүүчүлөргө фонограммасыз жаңы үндөрдү тартуулаган, концерттик жана гастролдук ишмердүүлүктү өркүндөтө турган уникалдуу аянтчага айлантуу багытын көздөйт.
Мындай мүмкүнчүлүк маданият аркылуу аймактарды интеграциялоого, элдик жана заманбап музыканы жайылтуу жана колдоого, элдин биримдигин жана мекенчилдик сезимдерин күчөтүүгө жана шоу-бизнести структуралаштыруу жана монетизациялоону шарттайт.
Сынактын өткөрүү этаптары
Атайын түзүлгөн калыстар тобу Кыргызстандын аймактарын кыдыруу аркылуу сынактарды өткөрүп, атайын критерийлер менен таланттар тандалып алынат.
* 2024-жылдын 10-30-июнуна чейин республика боюнча эң мыкты 100 аткаруучу тандалат;
* 1-июлдан 30-августка чейин 100 талапкер алдыңкы 10 ондукка кирүү үчүн ат салышат. Ар жумада Бишкек шаарында жана Ысык-Көлдө концерттик кароо-сынактар өткөрүлөт.
* Сынак эгемендүүлүк күнүнө жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр салтанаттуу сыйланат.
Калыстар тобунун курамына өлкөбүздүн абройлуу композиторлор, музыка таанычуулар, музыкант-аткаруучулар кирет.
Сынактын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар, аткаруучунун клибин тартууга колдоо, чет өлкөгө жолдомо жана баалуу белектер тапшырылат.
Сынакка катышуу шарттары
Кароо-сынакка катталуу үчүн документтерди кабыл алуу https://talantshow.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлөт.
Байланыш:
WhatsApp: 0555444415
email: info@talantshow.kg