КӨӨНӨ МУРАСТАРДЫ САКТОО — КЕЛЕЧЕК МУУНГА БОЛГОН ЖООПКЕРЧИЛИК

Октябрь 6, 2025 - 11:18
 11

2025-жылдын 3–4-октябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Нарын облусунун Кочкор жана Ат-Башы райондоруна иш сапар менен барды.
Иш сапардын алкагында ал Кочкор-Башы чалдыбары жана Көк-Таш архитектуралык эстелиги менен жеринен таанышты. Кочкор-Башы чалдыбарынын табылышына көмөктөшкөн жергиликтүү тургун Кайырбек Коңурбаев аксакал жана маданият кызматкерлери менен баарлашуу учурунда тарыхый эстеликтерди изилдөө жана сактоо иштерин улантуу зарылдыгы белгиленди.
Марат Тагаев “Көөнө тарых сырлары” мамлекеттик программасынын алкагында бөлүнгөн 6 миллион 583 миң сом каражаттын өз убагында пайдаланылышы боюнча маселени “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долбоорлоо институтуна ыкчам чечүү тапшырмасын берди. Институттун директору С. Сополов тендер жыйынтыкталып, иштер жакынкы күндөрү башталаарын маалымдады.
Ошондой эле министрдин орун басары Көк-Таш архитектуралык эстелигинде жүргүзүлгөн иштер менен таанышып, мындай объекттер улуттук мурастын маанилүү бөлүгү болуп, туризмди өнүктүрүү аркылуу аймактардын өнүгүшүнө салым кошоорун белгиледи.
Иш сапардын соңунда Марат Тагаев Кайырбек аксакалга кыргыз тарыхына кошкон эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, анын эмгегин баалоо боюнча тиешелүү сунуштама даярдоону тапшырды.