БИШКЕКТЕ ЯПОНИЯ КИНОФЕСТИВАЛЫ АЧЫЛДЫ

Октябрь 6, 2025 - 11:20
 11
БИШКЕКТЕ ЯПОНИЯ КИНОФЕСТИВАЛЫ АЧЫЛДЫ
2025-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында Япония кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хидеки Года мырза жана Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаментинин директору Улан Адамалиев катышты.
Фестиваль Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Япония фонду менен биргеликте жыл сайын өткөрүлүүчү “Japan Month” — жапон маданияты менен тааныштыруу айлыгынын алкагында уюштурулду.
Фестивалдын алкагында ар түрдүү жанрдагы сегиз толук метраждуу көркөм фильм көрсөтүлөт.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Кинематография департаменти чет элдик өнөктөштөрдүн өлкөбүздө маданий өз ара кызматташтыктын мындай форматына — өлкөлүк кино күндөрүн өткөрүүгө — болгон кызыгуусу барган сайын өсүп жатканын белгилейт.
Быйыл август айынан тарта Татарстан, Түркия, Иран, Россия, Кытай, Казакстан жана Франциянын Кино күндөрү ийгиликтүү өткөрүлдү. Ал эми ноябрь айына Индиянын Кино күндөрү пландалууда. Ушуну менен жыл аягына чейин жети өлкө жана эки регион өз маданиятын тааныткан ири маданий иш-чараларды өткөрөт деп күтүлүүдө.
Кинематография департаменти чет элдик кесиптештер менен тыгыз кызматташып, көрсөтүлө турган фильмдерге мамлекеттик каттоо күбөлүктөрүн берүүдө жана эл аралык визиттерди, тажрыйба алмашууларды уюштурууда ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет.