МАРАТ ТАГАЕВ РЕСТАВРАЦИЯ ИШТИН АЛДЫНДА ТАШ-РАБАТКА БАРДЫ

Октябрь 6, 2025 - 11:03
 7
МАРАТ ТАГАЕВ РЕСТАВРАЦИЯ ИШТИН АЛДЫНДА ТАШ-РАБАТКА БАРДЫ
МАРАТ ТАГАЕВ РЕСТАВРАЦИЯ ИШТИН АЛДЫНДА ТАШ-РАБАТКА БАРДЫ
МАРАТ ТАГАЕВ РЕСТАВРАЦИЯ ИШТИН АЛДЫНДА ТАШ-РАБАТКА БАРДЫ
МАРАТ ТАГАЕВ РЕСТАВРАЦИЯ ИШТИН АЛДЫНДА ТАШ-РАБАТКА БАРДЫ
"Көөнө тарых сырлары" мамлекеттик программаны ишке ашыруу алкагында Ат-Башы районунда жайгашкан орто кылымдарга таандык Таш-Рабат кербен сарайын оңдоо, реставрациялоо жумуштары башталган. Реставрация ишинин алдында Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Таш-Рабатка барып, ишти сапаттуу аткаруу боюнча бир катар тапшырмаларды койду.
Бүгүнкү күндө табигый, атмосфералык, механикалык жана антропогендик таасирлерден улам бузулуу коркунучунда турган кербен сарайды сактап калуу максатында Министрликке караштуу “Кыргызреставрация” илимий-изилдөө долборлоо институту тарабынан тендер жарыяланып, “Түштүк курулуш сервис” компаниясы жеңүүчү деп табылган. Учурда реставрация жумуштары башталууда.
Белгилей кетсек, республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде турган Таш-Рабат кербен сарайында XX кылымдын 70-80 - жылдарында акыркы реставрациялоо иштери жүргүзүлгөн.
Аталган тарыхый-маданий мурас объектиси 2024-жылдан тартып Министрликтин карамагында турат. Буга чейин ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын карамагында болгон.