Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Сентябрь 11, 2023 - 00:37
 0  294
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – бул Кыргыз Мамлекетинин эл аралык денгээлдеги эң ири долбоор. Көчмөн цивилизациясынын маданиятын жандандырып жана сактап калуу максатында 2012-жылы Кыргыз Өкмөтү тарабынан демилгеленген.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана  Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы болуп саналат.

Биринчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында 9-14-сентябрь күндөрү өткөн.  Анда 19 мамлекеттен келген 583 спортчу күч сынашты. Мелдеш этноспорттун 10 түрүнөн өткөрүлдү. Маданий иш -чараны өткөрүүдө 1200 адам катышты. Телеберүү аркылуу 230 млн көрүүчүнү камтыган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын вазыйпасы

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары адамга берилген цивилизациялык мурас катары, этноспорт жана этномаданиятты өнүктүрүүгө багытталган.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын вазыйпасы, этностор жана элдер арасындагы этномаданияттын нускалыгын сактоо менен аны жандандырып, өркөндөтүү болуп саналат. Ошондой эле этностор жана элдер арасында толеранттуу мамилени курууга үндөөгө багытталат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чакырыгы “Күч биримдиги! Рух биримдиги!” болуп саналат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын максаты

Өнүгүү доорунда дүйнө жүзүндөгү этностор жана элдер арасындагы көп жактуу тарыхый, маданий мурастарды сактап калуу,  дүйнөлүк этноспорт кыймылын өнүктүрүү, этностор жана элдер арасындагы этноспорт, салтуу оюндар мелдештерди эл аралык деңгээлге чыгаруу менен бирге аны коомчулука кеңири таанытуу жана өнүктүрүү, дүйнөдөгү этностор жана элдер арасындагы этноспорт кыймылына, этноспорттун түрүнө, илимий жана уюштуруу-методикалык түшүндүрмөлөргө жардамдашуу,  дүйнөдөгү этностор жана элдердин ар тараптуу, бай маданиятын жайылтып, өнүктүрүү менен элдер арасындагы диний, маданий диалогду чыңдоо, этностор жана элдер арасындагы ар тараптуу маданиятты демонстрациялоо жана алардын ортосунда ынтымакты күчөтүп, бири-бири менен кызматташууну бекемдөө болуп эсептелет.