Жаштар саясаты

Жаштар саясатын жүргүзүү башкармалыгынын ишмердүүлүгүнүн негизги максаты жаштар саясатын түзүү, ошондой эле жаштарды мамлекеттин ишинин бардык чөйрөлөрүнө тартуу болуп саналат. Жаштар арасында лидерлик дараметин жогорулатуу, демилгелерин колдоо, жаштар арасында ишкерликти өнүктүрүү, ыктыярчылыкты жайылтуу, коомдо ийгиликтүү ордун табуусу, алардын дараметин мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүү үчүн укуктук, экономикалык, социалдык жана уюштуруучулук шарттарды түзүүгө багытталган чаралардын системасын иштеп чыгат.
Кыргыз Республикасынын “Жаштар жөнүндө” мыйзамына ылайык Жаштар саясатын жүргүзүү башкармалыгынын милдеттери жана багыттары:
1) Жаштардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жаштарды жана жаштардын аярлуу топторун (турмуштук оор кырдаалга кабылган жаштарды, жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды) мамлекеттин ишинин бардык чөйрөсүнө тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү;
2) жаштар маселелерине багытталган уюмдарды түзүү жана алардын ишинде катышуу жолу менен жаштардын өз алдынча уюмдашуусуна көмөк көрсөтүү;
3) жаштарды өнүктүрүү, ишке орноштуруу жана жаш жарандардын өз алдынча өнүгүүсү боюнча улуттук жана аймактык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) жаштардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда өз ара аракеттенүүнү орнотуу;
5) жаштардын демилгелерин ишке ашыруу аркылуу чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга жаштардын кызыгуусунун деңгээлин жогорулатуу;
6) жаштардын кесиптик өзүн-өзү аныктоосуна жана иш менен камсыз болуусуна көмөктөшүү;
7) жаштар чөйрөсүндө улуттар аралык (этностор аралык) жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө;
8) экстремизмдин, улутчулдуктун идеологиясына, коррупциянын көрүнүштөрүнө, социалдык, диний, расалык, улуттук таандыктыгынын белгилери боюнча басмырлоого жана башка терс социалдык көрүнүштөргө каршы турууга мүмкүндүк берүүчү адеп-ахлактык принциптердин тутумун түзүү;
9) үй-бүлөлүк мамилелердин маданиятын калыптандыруу жана жаш үй-бүлөлөрдү колдоо;
10) сергек жашоо образын пропагандалоо;
11) жаштар кыймылдарын жана жаштар уюмдарынын ишмердүүлүгүн колдоо;
12) жаштарга маалыматтык технологиялар жана инновациялар чөйрөсүндө өнүгүүгө дем берүү, ошондой эле алардын IT, санариптик технологиялар, киберспорт жана дизайн долбоорлору жаатындагы мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу;
Бүгүнкү күндө Жаштар саясатын жүргүзүүгө багытталган ченемдик укуктук актылар, стратегиялык программалар жана концепциялар иштелип чыгып, иш жүзүндө жүзөгө ашырылууда.
Жаштар саясатын жүргүзүү башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен кошумча шилтеме аркылуу маалымат алсаңыздар болот. https://www.jashtar.gov.kg/