Жаштар программасы - "Биздин келечек"

Сентябрь 10, 2023 - 23:51
Сентябрь 14, 2023 - 18:47
 0  110
Жаштар программасы - "Биздин келечек"

Программанын негизги багыттары:

1. Инсандык жана ден соолук. Жаштардын өзүн-өзү таануу, руханий-адептик тарбиясы, экология боюнча иш алып баруу.

2. Жаштар үчүн шарттар жана мүмкүнчүлүктөр. Билим берүү, ишке орноштуруу – жумуш, ишкердик, ипотека маселеси, таланттуу жаштарды колдоо.

3. Жаштар коомдун жигердүү бөлүгү катары Жаштардын башкаруу органдарына, коомдук турмушту башкарууга катышуусу (студенттик кеңештер), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жаш депутаттары менен иштөө, волонтердук иш.

4. Жаштарга терс таасири. Мыйзамсыз иштерге тартуу, суицид, уурулук, баңгилик, радикализм, экстремизм.

5. Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды адаптациялоо жана коомдук турмушка тартуу, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү, шарттарды түзүү.

6. Жаштар чөйрөсүндөгү үй-бүлө. Үй-бүлөнү даярдоо, түзүү жана өнүктүрүү маселелери.

7. Спорт жана дене тарбия Жаштарды массалык спорт аркылуу тарбиялоо.

8. Этностор аралык достук, тынчтыкты орнотуу Этностор аралык, эл аралык тынчтыкты жана достукту сактоо, Кыргыз жараны.

9. Аймактар ​​жана миграция Аймактардагы жаштардын потенциалын жогорулатуу, жаштарды жер-жерлерде ишке орноштуруу, диаспоралар менен иштөө аркылуу ички жана тышкы миграцияны азайтуу. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги (мындан ары – Министрлик) жаштар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик аткаруу органы болуп саналат.