21-22-октябрда Бишкекте Орус романсынын жаш аткаруучуларынын IX “Орто Азия Романсиадасы” эл аралык сынагы өтөт.
Сынак Орус романынын жаш аткаруучуларынын XXIX “Романсиада-2025” эл аралык сынагынын программасына киргизилген. “Орто Азия Романсиадасынын” жеңүүчүлөрү 2025-жылы декабрда Москвада өтө турган “Романсиаданын” финалына катышат.
Сынакка катышуу үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнөн чыгармачыл жогорку окуу жайлардын студенттери, атайын орто окуу жайлардын жана музыкалык мектептердин окуучулары жана жөн гана орус романсын сүйүүчүлөр чакырылат.
Катышуучулардын жаш курагы 6дан 35ке чейин болушу керек. Конкурска катышуу акысыз. Уюштуруучулар кирүү акысын же башка төлөмдөрдү алышпайт.
Сынактын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен “Эл аралык өз ара аракеттенүү жана кызматташуу борбору” АКЭУ, Бишкектеги Орус үйү, “Маданий жана гуманитардык демилгелер фонду” КФ, “Романсиада” Кайрымдуулук фонду, Сынактын медиа өнөктөшү “Sputnik” Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу.