Биз сиздерди жаңы театр сезонуна чакырып, октябрь айына арналган афишаны сунуштайбыз. Бул айда ар бир көрүүчү классикадан тартып жаңы премьераларга чейин өзүнө жаккан спектаклдерди таба алат.
1. 04.10.25 – Ж. Каниметов «Ак Мөөр» – опера-дастан, эки бөлүм. Башталышы: 18:00
2. 05.10.25 – П.И. Чайковский П. И. Чайковский «Ак куу көлү» – төрт бөлүмдүү балет. Башталышы: 18:00
3. 11.10.25 – Корея жана Кыргызстан балетинин катышуусу менен Гала-концерт. Башталышы: 18:00
4. 12.10.25 – Дж. Верди «Риголетто» – үч бөлүмдүү опера. Башталышы: 18:00
5. 15.10.25 – А. Селезнёв атындагы Алматы хореографиялык окуу жайынын студенттеринин Гала-концерти. Башталышы: 18:00
6. 18.10.25 – П. Масканьи «Айыл намысы» («Сельская честь») – эки бөлүмдүү опера. Башталышы: 18:00
7. 19.10.25 – В. Назаров «Айболит жана Бармалей» – балдар спектакли. Башталышы: 11:00
8. 19.10.25 – К. Молдобасанов, Г. Окунев «Куйручук» – эки бөлүмдүү комедиялык балет. Башталышы: 18:00
9. 24.10.25 – Л. Минкус «Пахита», Ф. Шопен «Шопениана» – бир актылуу балеттердин кечеси. Башталышы: 18:00
10. 26.10.25 – Ж. Бизе «Кармен» – төрт бөлүмдүү опера. Башталышы: 18:00
Октябрь айы бай жана шыктандыруучу болот – ар бир чыгарма музыка, бий жана жандуу театрдын өзгөчө энергетикасы менен толтурулган.
Билеттер кассалардан жана
TIKET.KG жана
KASSIR.KG онлайн сатуу платформаларынан алсаңыздар болот.
Театрдын дареги: Бишкек ш., Абдрахманов көч., 167
Опера менен балеттин керемет дүйнөсүнө келиңиздер!