«АКЫРКЫ КАТ» СПЕКТАКЛИ ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРДИН III ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫНДА «ЭҢ МЫКТЫ СПЕКТАКЛЬ» ДЕП ТАБЫЛДЫ

Сентябрь 30, 2025 - 11:23
 7
«АКЫРКЫ КАТ» СПЕКТАКЛИ ТҮРК ТИЛДҮҮ МАМЛЕКЕТТЕРДИН III ЭЛ АРАЛЫК ТЕАТР ФЕСТИВАЛЫНДА «ЭҢ МЫКТЫ СПЕКТАКЛЬ» ДЕП ТАБЫЛДЫ
Казакстан Республикасынын Актау шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин lll эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталды.
Фестивалга жети өлкөнүн мыкты театрлары катышты. Бул жолку фестивалдын тематикасы түрк тилдүү элдердин тарыхы болуп саналып, ар бир өлкө тарыхый спектаклдерин көрсөтүштү.
Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Кайрат Иманалиевдин калемине таандык, Уланмырза Карыпбаев сахналаштырган "Акыркы кат" спектакли менен катышып фестивалдын башкы сыйлыгы болгон тарыхый теманы мыкты сахналаштырганы үчүн "Эң мыкты спектакль" номинациясын жеңип алды.
Сыйлыкты калыстар тобунун төрайымы, Казакстандын көрүнүктүү театр сынчысы, профессор Сания Кабдиева тапшырды.