Алтынбек Максутов Кыргызстандагы телерадио уюмдарды ата мекендик контент менен камсыздоо боюнча киноискусствонун адистери менен жолукту

Март 26, 2024 - 18:13
 0  45

Бүгүн, 2024-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А.А.Максутовдун катышуусунда киноискусствонун адистери менен мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында контент менен алмашуу темасындагы жыйын өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк алган күндөн тартып “Кыргызсериал” чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмеси мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызтелефильм” чыгармачыл-өндүрүштүк кино-видео фирмасы жана Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” киностудиясы тарабынан бюджеттик каражаттарга өндүрүлгөн продукцияларын (кино тасмаларды, документалдык фильмдерди) “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мекемеси аркылуу Кыргызстандагы бардык телеканалдары ата мекендик өндүрүштөгү контент менен камсыз кылуу маселеси каралды.
Мындан тышкары, улуттук аудиовизуалдык социалдык маанилүү контентти түзүү, массалык коммуникация каражаттарынын ата мекендик контентин өнүктүрүү үчүн Министрликтин бюджетинен 100 млн сом акча каражаты каралгандыгы тууралуу сөз болду. Аталган каражатты ата мекендик продукцияны өндүрүү жана дубляж кылууга багыттоо боюнча да тапшырма коюлду.