Бүгүн, 21-августта Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында Казакстандын эл артисти, белгилүү композитор жана дирижёр Нургиса Тилендиевдин 100 жылдыгына арналган «Әлқисса» аттуу чыгармачылык кече өттү.
Иш-чара Алматы облусунун акимиаты тарабынан уюштурулуп, анда аймактын мыкты чыгармачыл жамааттары жана өнөрпоздору Бишкек шаарынын тургундарына жана конокторуна жогорку деңгээлдеги концерт тартуулашты.
Сахнага фольклордук-этнографиялык «Сазген» жана «Кулансаз» ансамблдери, «Алтынай» мамлекеттик элдик бий ансамбли, Казакстандын эл артисти Секен Турысбек, «Kurmet» орденинин ээси Зарина Алтынбаева, эмгек сиңирген ишмер, күүчү Нуркен Аширов, ошондой эле эл аралык сынактардын лауреаттары — Улжан Аглакова, Төлеген Рахымбаев, Муса Сапарали, Ардак Амиркулова, Салтанат Кудайбергенова, Фархат Кубиев жана Адил Ахметжанов чыгышты.
Кеченин өзгөчө коногу — композитордун кызы, Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, Нургиса Тилендиев атындагы «Отырар сазы» мамлекеттик фольклордук-этнографиялык оркестрдин башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси Динзухра Тилендиева болду.
Кыргызстандын таланттуу аткаруучулары да сахнага чыгып, достук жана маданий алмашуунун символу катары Нургиса Тилендиевдин чыгармаларын аткарышты.
Белгилей кетсек, Нургиса Тилендиевдин 100 жылдыгы ЮНЕСКОнун эскерүү даталарынын календарына киргизилип, эл аралык деңгээлде белгиленүүдө. Быйыл май айында Алматы облусунун акимиаты композитордун чыгармачылык кечесин Бээжин шаарында өткөрүп, толугу менен аншлаг жараткан.
Бишкектеги «Әлқисса» концерти музыка аркылуу жүрөктөрдү бириктирген эл аралык маданий эстафетанын уландысы болду.