Райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрү

Райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрү

Сентябрь 6, 2023 - 11:50
Март 19, 2025 - 12:25
 758
Райондук жана шаардык маданият бөлүмдөрү

Аймактык бөлүмдөр өз ишин Министрликтин жетекчилиги астында ишке ашырат жана райондун же шаардын аймагында маданият жаатындагы мамлекеттик башкаруунун тармактык ыйгарым укуктуу аткаруучусу жана административдик органы болуп саналат. Жалпы 40 райондук жана 12 шаардык маданият бөлүмдөрү бар.

Өз ишмердүүлүгүндө бөлүмдөр Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин чечимдерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн жобосун жетекчиликке алат.

Бөлүмдүн негизги максаты райондордо жана шаарларда  маданият, искусство жана жаштар чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды түзүү, маданиятты, искусствону өнүктүрүүнүн кепилдиктерин түзүү, жалпы коомчулукту ата-мекендик жана дүйнөлүк маданият менен тааныштыруу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин аймактык маданият бөлүмү мекемелеринин жобосуна ылайык аймактык бөлүмдөрдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • маданий потенциалды сактоо жана жогорулатуу маселелеринде райондун кызыкчылыктарын камсыз кылуу, маданий процесстерди өнүктүрүү, маданият жаатындагы иштин жаңы формаларын колдоо;
  • маданий эс алуу жайларын өнүктүрүүгө, калктын бардык катмарынын маданий эс алуусунун ар түрдүүлүгүн камсыз кылууга көмөктөшүү;
  • райондун/шаардын маданият мекемелерин квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу, алардын билимин жана тажрыйбасын калкка жеткиликтүү пайдалануу үчүн шарттарды түзүү;
  • кесиптик көркөм өнөрдү сактоо, өнүктүрүү жана өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүүгө  ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу;
  • бөлүмдүн карамагындагы маданият жана искусство мекемелеринин ишинде белгиленген эрежелердин, ченемдердин жана стандарттардын сакталышын көзөмөлдөө;
  • райондун/шаардын элинин маданиятын ар тараптуу өнүктүрүүгө, Кыргыз Республикасында жашаган калктын маданиятын байытууга көмөк көрсөтүү;
  • материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин издеп табуу, эсепке алуу, коргоо жана пайдалануу эрежесинин сакталышын камсыз кылуу;
  • материалдык эмес маданий мурастардын ар түрдүү элементтерин идентификациялоону жана аныктоону ишке ашыруу;
  • материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин абалына мониторинг жүргүзүү;
  • жок болуп кетүү коркунучу алдында турган материалдык эмес маданий мурас чөйрөсүндөгү илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө көмөктөшүү;
  • калктын руханий муктаждыктарын канааттандыруу, музей коллекциясын жалпыга жеткиликтүү болуусуна шарт түзүп берүү жана элдин кызыгуусун арттыруу аркылуу калктын маданий деңгээлин жогорулатуу;
  • музей фондун топтоо үчүн калк арасынан материалдарды топтоп-жыйноону уюштуруу;
  • тарыхый-маданий мурас объекттерин аныктоону, издеп табууну, эсепке алууну, сактоону, коргоону, пайдаланууну жана ушул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын жеринде ишке ашыруу жана камсыз кылуу;
  • райондун/шаардын аймагында укук бузуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өз убагында маалымдоого, тарых жана маданият эстеликтерин коргоо, сактоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин бузган юридикалык жана физикалык жактарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч кат берүү;
  • маданият жана искусство мекемелеринин өнүгүшүнө көмөктөшүү, калктын ар кандай катмарынын маданий жана эс алуу ишинин көп түрдүүлүгүн камсыздоо;
  • мамлекеттик жаштар саясатынын субъекттери менен биргеликте мамлекеттик жаштар саясатын ишке ашыруу.

    Аймактык бөлүмдөр
    :

Чүй облусу

1.       Чүй райондук маданият бөлүмү

2.       Ысык-Ата  райондук маданият бөлүмү

3.       Аламүдүн райондук маданият бөлүмү

4.       Кемин  райондук маданият бөлүмү

5.       Жайыл  райондук маданият бөлүмү

6.       Сокулук райондук маданият бөлүмү

7.       Москва  райондук маданият бөлүмү

8.       Панфилов  райондук маданият бөлүмү

9.       Токмок шаардык маданият бөлүмү 

Ысык-Көл облусу

10.   Жети-Өгүз  райондук маданият бөлүмү

11.   Ак-Суу  райондук маданият бөлүмү

12.   Ысык-Көл  райондук маданият бөлүмү

13.   Тоң  райондук маданият бөлүмү

14.   Түп  райондук маданият бөлүмү

15.   Балыкчы шаардык маданият бөлүмү

16.   Каракол шаардык маданият бөлүмү 

Талас облусу

17.   Талас  райондук маданият бөлүмү

18.   Бакай-Ата  райондук маданият бөлүмү

19.   Айтматов  райондук маданият бөлүмү

20.   Манас  райондук маданият бөлүмү

21.   Талас  шаардык маданият бөлүмү 

Нарын облусу

22.   Нарын  райондук маданият бөлүмү

23.   Ат-Башы  райондук маданият бөлүмү

24.   Ак-Талаа  райондук маданият бөлүмү

25.   Жумгал  райондук маданият бөлүмү

26.   Кочкор  райондук маданият бөлүмү

27.   Нарын  шаардык маданият бөлүмү 

Ош облусу

28.   Алай  райондук маданият бөлүмү

29.   Чон-Алай  райондук маданият бөлүмү

30.   Араван  райондук маданият бөлүмү

31.   Кара-Кулжа  райондук маданият бөлүмү

32.   Кара-Суу  райондук маданият бөлүмү

33.   Өзгөн  райондук маданият бөлүмү

34.   Ноокат  райондук маданият бөлүмү

35.   Ош шаардык маданият башкармалыгы 

Жалал-Абад облусу

36.   Ала-Бука  райондук маданият бөлүмү

37.   Аксы  райондук маданият бөлүмү

38.   Базаркоргон  райондук маданият бөлүмү

39.   Сузак  райондук маданият бөлүмү

40.   Ноокен  райондук маданият бөлүмү

41.   Тогуз-Торо  райондук маданият бөлүмү

42.   Токтогул  райондук маданият бөлүмү

43.   Чаткал  райондук маданият бөлүмү

44.   Кара-Көл  шаардык  маданият бөлүмү

45.   Майлуу-Суу шаардык  маданият бөлүмү

46.   Көк-Жангак шаардык  маданият бөлүмү

47.   Таш-Көмүр шаардык  маданият бөлүмү 

Баткен облусу

48.   Баткен  райондук маданият бөлүмү

49.   Лейлек  райондук маданият бөлүмү

50.   Кадамжай  райондук маданият бөлүмү

51.   Кызыл-Кыя  шаардык маданият бөлүмү

52.   Сүлүктү шаардык  маданият бөлүмү