9-сентябрь Комуз күнү белгиленет

9-сентябрь Комуз күнү белгиленет

Сентябрь 6, 2023 - 10:58
 0  134
9-сентябрь Комуз күнү белгиленет
9-сентябрь Комуз күнү белгиленет
2023- жылдын 9-сентябрында «Комуз күнү» белгиленет. Быйылкы майрам күндү белгилөө “Камбаркан”жана “Ибарат” өндүү чыгармалары улуттук музыканын классикасына айландырган залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдык мааракесине арналат.
Бул күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи тарабынан көчмө көргөзмө, Кинематография департаменти тарабынан Карамолдо Орозов тууралуу 10 мүнөттүк чакан тасма көрсөтүлүп, салттуу музыка өнөрүнүн алып жүрүүчүлөрү жана комузчулардын катышуусунда чоң программадагы концерт көрсөтүлөт.
Комуз күнүн Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналган ар кандай иш-чаралардын өткөрүүгө Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы, Кыргыз улуттук “Манас” театры, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы, Б. Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университети, М. Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык мектеп-интернаты, П. Шубин атындагы Борбордук музыкалык мектеби, Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи, Кинематография департаменти ж.б. Министрликтин алдындагы мекемелер уюштуруу иштерине тартылды.
Мындан сырткары Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, бардык райондук маданият үйлөрүнө, кесиптик орто окуу жайларга жана маданият жана искусство мекемелерине аталган майрамдык күнгө иш- чараларды уюштуруп өткөрүү тапшырмасы берилди.
Маалымат үчүн: Комуз күнү Кыргызстанда, өзүбүздүн салттуу- улуттук аспабыбызды аздектеп сактап, аны муундан – муунга маданий мурас жана таберик катары өткөрүп берүү, бул өнөрдү алып жүрүүчүлөрдү ар тараптан колдоо максатында 2019- жылдан бери салтанаттуу белгиленип келет.