Ишеним телефону

Ишеним телефону

Сентябрь 3, 2023 - 21:16
Сентябрь 14, 2023 - 22:47
 0  227
Ишеним телефону

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы №153 “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Мыйзамында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган коррупцияны алдын алуу,

эскертүү жана кылмыштардын алдын алуу максатында

Ишеним телефону билдирүлөрдү кабыл алуу эрежелери

Жемкорлукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча “ишеним телефону” аркылуу төмөнкү маалыматтар (билдирүүлөр) алынат:

– маданият, маалымат, спорт, туризм, жаштар саясаты жана этностор аралык мамилелер  чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу;

– Министрликтин кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, жарандарга орой же туура эмес мамилеси;

– Министрликтин кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алар тарабынан жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузуунун белгилерин камтыган коррупциянын, опузалоонун, бюрократиялык иштердин жана башка аракеттердин фактылары жөнүндөгү билдирүүлөр.

“Ишеним телефону” аркылуу келип түшкөн билдирүүлөр келип түшкөн учурда “ишеним телефону” (мындан ары – Журнал) боюнча чалуулардын атайын реестринде катталат. Журнал “ишеним телефонунун” ишине жооптуу түзүмдүк бөлүмдө (адамда) сакталат.

Жарандардын кайрылууларынын реестринин барактары (кагаз варианты) номерленүүгө жана төмөнкү графаларга ээ болууга тийиш:

– билдирүүнүн катар номери;

-билдирүүнүн алынган күнү жана убактысы;

– арыз ээсинин фамилиясы, аты, атасынын аты, үй дареги жана телефон номери;

– жарандын суроосунун кыскача мазмуну;

– билдирүүнү чечүүнүн натыйжалары жөнүндө белги.

Жемкорлук жана башка укук бузуулар жөнүндө билдирүүлөрдү кароонун натыйжалары жөнүндө жаранга жазуу жүзүндө билдирилет (анонимдүү билдирүүлөрдү кошпогондо). “Ишеним телефону” боюнча билдирүүлөргө жазуу жүзүндөгү жооптор иш кагаздарын жүргүзүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдө сакталат. Чалуунун купуялуулугуна кепилдик берилет.

“Ишеним телефону” боюнча кайрылууларды кабыл алуу дем алыш жана майрам күндөрүн кошпогондо, күн сайын төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт:

Дүйшөмбү – жума күндөрү – саат 09:00дөн 18:00гө чейин

Түшкү дем алуу 12:30дан 13:30га чейин

Байланыш: +996 312 62-60-24.