III Бишкек эл аралык кинофестивалдын ачылыш аземинен фото репортаж
Июнь 12, 2025 - 00:31
Июнь 12, 2025 - 17:08
14














































































Бүгүн, 11-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда III Бишкек эл аралык кинофестивалдын ачылыш аземи өтүп, анда Кыргызстандык жана дүйнөнүн булуң-бурчунан келген режиссёрлор, сценаристтер, продюсерлер, актёрлор, киносынчылар жана эксперттер ошондой эле фестивалга чакырылган атайын коноктор көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүштү.
Быйыл фестивалга 26 өлкөдөн 70тен ашык конок, 200гө жакын кинематографист катышууда. Фестивалдын алкагында 30дан ашык тасма көрсөтүлөт, 7 мастер-класс өтөт жана байге фонду бар питчинг уюштурулат.
Бишкек эл аралык кинофестивалы кино тармагындагы кесипкөйлөрдү бириктирүү, жаңы биргелешкен эл аралык кино долбоорлорду ишке ашыруу, дүйнөлүк киноиндустриянын көңүлүн Кыргызстандын борбор калаасы Бишкек шаарына, ошону менен бирге жалпы эле Борбор Азия аймагына бурдуруу үчүн түзүлгөн индустриалдык аянтча.