VIII Бүткүл дүйнөлүк "Дүйнө элдеринин эпостору" фестивалынын өтө турган “Көчмөн стили” (“Стиль Кочевника”) эл аралык мода сынагынан фото репортаж.
Аталган сынак бардык катышуучуларга, тажрыйбалуу адистерге да, жаңыдан баштап жаткандарга да бирдей мүмкүнчүлүк берүү максатында эки категорияда өткөрүлдү.
1. “Салт сакчылар" ("Стражи традиций”) – мода тармагында 5 жылдан ашык тажрыйбасы бар адистер үчүн:
2. "Жаш толкун" (“Молодая волна”) – бул тармакта 5 жылга чейин тажрыйбасы бар жаш дизайнерлер, анын ичинде студенттер жана жаңы бүтүрүүчүлөр үчүн.
Ар бир категория өзүнүн деңгээлине жараша өзүнчө критерийлер менен бааланат – кесипкөйлүк, жаңычылдык жана оригиналдуу мамиле эске алынат.
Сынактын жыйынтагы эртең, 30-майда чыгат.