Жарандарды кабыл алуу

Жарандарды кабыл алуу

Ноябрь 21, 2023 - 21:19
Ноябрь 24, 2023 - 10:41
 0  247
Жарандарды кабыл алуу

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жарандарды кабыл алуу графиги

Маданият министрлигинде жарандарды кабыл алуунун эрежелери адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кыйла натыйжалуу коргоо, жарандардын кайрылууларын өз компетенциясынын чегинде ыкчам чечүү максатында жарандарды кабыл алуунун тартибин жөнгө салат.

  • Жарандарды кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри, анын орун басарлары, Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитилген графиктерге ылайык жумасына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Жарандарды кабыл алуу  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021- жылдын 15- ноябрындагы №251 токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жобого  жана Министрликтин  2023-жылдын 16-июнунадгы  № 459 буйругуна  ылайык ишке ашырылат.
  • Жарандарды кабыл алуунун графиги Министрликтин расмий сайтында жарыяланып, жарандардын алар менен таанышуусу үчүн эркин кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуучу жайлардын дубалында кабыл алуу бөлүмүнүн кызматкерин, кабыл алуу күнүн жана убактысын көрсөтүү менен илинет.
  • Министрге кайрылган жарандарды кабыл алууну уюштуруу министрдин жардамчысы жана/же катчысы тарабынан, ал эми министрдин орун басарларына кайрылган жарандарды кабыл алууну уюштуруу алардын катчылары тарабынан камсыз кылынат.
  • Кабыл алуунун жеке журналдарын министрдин катчылары, министрдин орун басарлары ошондой эле Министрликтин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн жетекчилери жүргүзүшөт, алар арыз ээсинин маалыматтарын, кайрылуунун мазмунун жана арыздын мазмунун эсепке алууну жана кабыл алынган чечимдердин эсебин жүргүзүшөт.
  • Жарандарды кабыл алуу үчүн катталуу телефон аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
  • Жарандарды кабыл алууга каттоо графикте белгиленген кабыл алуу күнүнө эки күн калганда жүргүзүлөт.
  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын, майыптарын, көп балалуу энелерди, башка социалдык аялуу категориядагы жарандарды, ошондой эле республиканын алыскы аймактарынан келген жарандарды кабыл алуу алар барган күнү жүргүзүлөт.
  • Маданий-маалымат мекемелериндеги коррупция маселелери боюнча кайрылган жарандарды кабыл алууну министр жана анын орун басарлары күн сайын, эгерде тастыктоочу маалыматтар (фото-аудио-видео жазуулар ж.б.) болгон учурда иш күндөрү жүргүзөт.
  • Дайындоо жөнүндө маселени кароодо министрдин жардамчысы жана жетекчилердин катчылары тиешелүү түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөр менен бирдикте жарандардын оозеки кайрылууларынын мүнөзүн жана мазмунун талдайт, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө ишинин маңызы боюнча документтердин болушун тактап, андан соң, жарандарды кабыл алуу журналына каттап аны  жетекчиликке билдирет.
  • Министрдин кабыл алуусу, эреже катары, маданият жана маалымат мекемелериндеги коррупциянын фактылары боюнча кайрылууларды кошпогондо эгерде жарандардын кайрылууларына министрдин орун басарларынын бири тарабынан кол коюлган жооптору болгон учурда өткөрүлөт.
  • Жарандардын бир эле маселе боюнча эки жолудан ашык кайталанган кайрылуулары каралбайт жана кабыл алуу белгиленбейт.
  • Жаңы жүйөлөр же жаңыдан ачылган жагдайлар көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү кайрылуулар “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык белгиленген тартипте каралат.
  • Министрдин жардамчысы жана/же катчысынын, министрдин орун басарларынын катчыларынын, ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жарандарды кабыл алууну уюштуруу же жетекчиликке отчет даярдоо үчүн түзүмдүк бөлүмдөрдөн материалдарды берүү талабы милдеттүү болуп саналат жана Министрликтин кызматкерлери тарабынан токтоосуз аткарылат.
  • Кайрылуулар боюнча кабыл алынган чечимдердин аткарылышын контролдоо министрдин жардамчысы жана/же катчысы, министрдин орун басарларынын катчылары, ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери тарабынан жүзөгө ашырылат.
  • Каралып жаткан кайрылуулар боюнча чечимдердин кабыл алынышы үчүн кабылдаманын жетекчиси жеке жоопкерчилик тартат.

Кызматы 

 

ФИО

 

Кабыл алуу күнү

 

Сааты

 

Байланыш

Министр  Максутов Алтынбек Аскарович Шаршемби 16:00-18:00 +996 312 62 04 82
Министрдин биринчи орун басары Ажымалиев Тимурлан Максатбекович Бейшемби, жума 16:00- 18:00 +996 312 62 03 64
Министрдин орун басары Аскарова Айнура Алмасбековна Шаршемби, жума 16:00- 18:00 +996 312 62 26 79
Министрдин орун басары Эсенгул уулу Чыңгыз Шаршемби жума 16:00- 18:00 +996 312 62 06 13
Министрдин орун басары  Тагаев Марат Төлөмүшович Бейшемби 16:00- 18:00 +996 312 62 60 40
Министрдин орун басары- Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Абдымомунов Айбек Тынчылыкович Бейшемби, жума 16:00- 18:00 +996 312 32 54 81