Испания Падышачылыгынын Барселона шаарында өткөн Mondiacult 2025 конференциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Иран Ислам Республикасынын Маданият жана ислам жетекчилиги министри Сейед Аббас Салехи менен жолукту.
Жолугушууда тараптар маданий кызматташтыкты мындан ары дагы бекемдөөгө багытталган негизги маселелерди талкуулашты. Айрыкча тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү жана кинематография тармагындагы кызматташтык боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Сейед Аббас Салехи Кыргызстан аймагынан табылган фарсы кол жазмаларын изилдөөгө ирандык тараптын кызыкдар экенин белгиледи. Өз кезегинде Мирбек Мамбеталиев 2026-жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кыларын маалымдап, Иранды ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин жолугушуусуна катышууга чакырды. Ошондой эле министр 2026-жылы өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Иранды ардактуу конок болууга чакырды.
Тараптар биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү эки элдин достугун чыңдоодо жана алардын бай маданий мурасын даңазалоодо маанилүү кадам болорун белгилешти.
Жыйынтыгында тараптар эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.