63 жаш курагында белгилүү журналист Абдыраев Сталбек Нурмамбетович дүйнөдөн кайтты.
Абдыраев Сталбек Нурмамбетович 1962-жылы 26-февралда Ат-Башы районуна караштуу Жаңы-Күч айылында төрөлгөн. 1984-жылы Фрунзедеги Б. Бейшеналиева атындагы искусство жогорку окуу жайынан методист-уюштургуч адистигин алып, Нарын шаарында советтик партиялык кызматтарда, 1993-жылдан тарта Нарын областында уюштурулган телевидениеде алгачкы диктор болуп
иштеген.
Ошондон бери журналисттик кесипти аркалап, “Сары-Өзөн”, “КООРТ” телевидениелеринде диктор, алып баруучу, 2001-жылдан тарта КТРдин “Ала-Тоо” маалымат аналитикалык борборунда “Жаңылыктар”, “Басма сөзгө баяндама” телеберүүлөрүнүн алып баруучусу, кабарчы, Чүй областы боюнча өз кабарчы болуп эмгектенген.
2016-жылдын август айынан тарта ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын “Жаңылыктар” дирекциясында редактор, Чүй областы боюнча аймактык кабарчы болуп эмгектенип жаткан.
Сталбек Абдыраев 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, 2021-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кыргызстандын Журналисттер союзунун мүчөсү, Жазуучулар союзунун мүчөсү. "Өчпөгөн жылдыз", "Жолдубай", "Айылым бүтпөс дастаным", "Жан биргем", "Эгиз элден-эгиз кайрык" аттуу китептери чыккан.
Маданият министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.