Жазгүл Карбосова “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды

Март 1, 2025 - 14:29
Март 1, 2025 - 14:40
 19
Жазгүл Карбосова “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Алешович Касымалиевдин 2025-жылдын 26-февралындагы №114 тескемесинин негизинде Карбосова Жазгүл Жузуповна “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редактору болуп дайындалды.

Эмгек тажрыйбасы:

26.11.1996- 04.08.1997-ж. - Талас шаарындагыгы “Алтын балалык” №1-балдар бакчасында тарбиячынын жардамчысы;
04.08.1997-02.11.1998-ж. - Талас шаарындагы “Алтын балалык” №1-балдар бакчасында тарбиячы ;
02.11.1998- 01.06.2006-ж -Талас шаарындагы А. Чолпонкулов атындагы №1-орто мектебинде кыргыз тили жана адабият мугалими;
15.06.2006-10.11.2008-ж. - “Энесай” гезитинде кабарчы, жооптуу катчы;
05.12.2008-10.08.2010-ж.- “Айат пресс” гезитинде корреспондент, парламенттик кабарчы;
13.08.2010- 14.05.2012-ж. - “Айат” гезитинде спец корреспондент, парламенттик кабарчы;
14.05.2012- 05.05.2013-ж. - “Параграф” гезитинде башкы редактор, парламенттик кабарчы;
12.05.2013- 01.02.2014-ж. - “Планета” гезитинде башкы редактор, парламенттик кабарчы;
01.11.2014- 01.11.2016-ж. -“Леди кж” гезитинде коммерциялык директор, парламенттик кабарчы;
18.11.2016-25.12.2020-ж. - “Элита плюс” журналы жана жана сайтында башкы редактор, парламенттик кабарчы
15.02.2021-02.04.2021-ж. - “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинде кабарчы;
02.04.2021-14.11.2022-ж. - “Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары;
15.11.2022 30.01.2023-ж. - “Кыргыз Туусу” Басма үйүнүн башкы редакторунун биринчи орун басары;
30.01.2023-01.02.2024-ж. - “Бишкек” эркин экономикалык аймагында мамлекеттик тил боюнча башкы адис;
02.02.2024-26.02.25-ж. - “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКнын Калкты тейлөө башкармалыгынын жетектөөчү адиси.

“Эркин-Тоо” гезити Кыргызстандагы эң маанилүү окуялар боюнча өлкө калкын маалыматтандыруу миссиясын уланта берет. Жаңы башкы редактордун жетекчилиги менен, гезит окурмандарды кызыктырган актуалдуу жана объективдүү маалыматтарды сунуштап, өлкөдөгү коомдук-саясий жашоонун борборунда калат деген ишеничтебиз.