Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Март 3, 2025 - 17:13
Март 3, 2025 - 17:17
 50
Союзбек Надырбеков Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды
Тиешелүү тескемеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Союзбек Надырбеков 1990-жылдын 16-сентябрында Ош облусунун Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында төрөлгөн.

Билими:

* 2009-2013-жылдары - Бишкек гуманитардык университетинин "Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер" факультетин аяктаган.
* 2009-2011-жылдары - Чун-Анг университети (Корея Республикасы), "Ички жана тышкы саясат" багыты.
* 2015-2017-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы, "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" курсу (магистратура), "Саясий институттар" адистиги боюнча аспирантураны аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгү:

* 2012-2013-жылдары - "Жаштар клубу "Лидер" коомдук уюмунун негиздөөчүсү, төрагасы.
* 2013-2015-жылдары - "KGM" туристтик компаниясы, азыркы учурда "Luna travel", башкы менеджери.
* 2015-2017-жылдары - Эл аралык кайрымдуулук фонду "Asia Children Charity", аткаруучу директору.
* 2017-жыл - "Dream K" туристтик компаниясы, башкы директору.
* 2017-2018-жылдары - III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын даярдоо жана өткөрүү боюнча катчылык, инфратүзүм жана волонтерлор кыймылы боюнча координатору.
* 2018-2019-жылдары - King Abdul-Aziz Camel Festival – Nomad Universe (Саудия Арабиясы), координатору.
* 2019-жыл - Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору (TURKSOY-2019), логистика боюнча жетекчиси.
* 2019-жыл - Шанхай кызматташтык уюмунун саммити (ШКУ), логистика боюнча жетекчиси.
* 2019-2020-жылдары - "Дүйнөлүк этно оюндар конфедерациясы" коомдук уюмунун маданият боюнча менеджери.
* 2020-2021-жылдары - "Республика - Ата-Журт" партиясынын парламенттик фракциясынын катчылыгынын кеңешчиси.
* 2021-жыл - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары.
* 2021-2023-жылдары - Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары.
* 2023-2024 -жылдары Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы “Улуттук маданий борборунун” башкы директору.
* 2024-жылдан баштап - Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын Президент жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертиза кылуу бөлүмүнүн башкы эксперти.