Эл аралык балдар күнүндө Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернаты “Өнөр булагы” аттуу отчёттук-концерт тартуулады

Июнь 1, 2024 - 18:16
 12

Бүгүн, 1-июнь күнү Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын окуучулары жана мугалимдери тарабынан “”Өнөр булагы” аттуу отчёттук-концерт сунушталды.
Концерт "Балдарды коргоонун эл аралык күнү" майрамына туш келип, көрүүчү балдарга жана алардын ата-энелерине жылуу маанай тартуулады.
Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Гулнара Баатырова катышып, куттук сөз айтышты.
Эдиль Байсалов, ар бир бала мээримге бөлөнүп, бактылуу балалыкта, татыктуу жашоодо чоңоюга укуктуу экенин белгилеп, бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, социалдык жактан коргоого, ата-бабаларыбыздан калган рухий баалуулуктардын таасиринде тарбиялоого, заманбап билим берүүгө болгон аракеттер көрүлүп жатканын айтып өттү.
Ошондой эле, "Кыргызстандын келечеги силердей чыгармачыл, зээндүү, таланттуу жеткинчектер менен өнүгөт"-деп Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернатынын окуучуларына ыраазычылыгын билдирди.
Ал эми министр Алтынбек Максутов өз сөзүндө, аталган мектепте билим алып жаткан балдарга карата, "силер кыргыз искусствосунун келечегисиңер, биз силердин ийгиликтериңер менен сыймыктанабыз. Бүгүн сиздер өз өнөрүңүздөрдү тартуулоо менен аткаруу чеберчилигин гана көрсөтпөстөн, баарыбыздын жан дүйнөбүзгө эргүү жана ыракат тартуулап келесинер"-деп сыймыктанып, балдардын талантын баалап, келечегин ойлогон ата-энелерге жана балдарга билим гана бербестен, таалим-тарбия, музыкалык сабаттуулук берип жаткан мугалимдер жамаатына ыраазычылык билдирип, бүгүнкү концерт - музыканын, балалыктын жана чыгармачылыктын майрамы болуп жатканын белгиледи.
Концерттин жүрүшүндө “Манас” баянынан тартып, ири көлөмдүү чыгармалар үйлөмө аспаптар оркестри, эл аспаптар оркестри, симфониялык оркестр жана кенже окуучулар оркестринин коштоосунда жаңырды. Окуучулар саксофон, флейта, гобой, контрабас, валторна, кларнет, рояль, виоленчель ж.б. аспаптар чеберчилик менен аткарышты. Балдар хору ырдашты. Мектептин окуучуларын куттуктап “Ойно” оркестри келип, балдар менен бирге ойношту. Бул оркестрдин мүчөлөрү өз мезгилинде Абдраев мектебин бүтүргөн.
Ошондой эле көрүүчүлөргө Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернаты жөнүндө тасма көрсөтүлдү.