Бишкекте Театр менеджерлеринин Вахтанг фестивалы расмий башталды

Июнь 1, 2024 - 15:06
Июнь 1, 2024 - 17:50
 26

Бүгүн, 1-июнда Бишкекте театр менеджерлеринин Вахтангов фестивалы расмий ачылды.
Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Евгений Вахтангов атындагы мамлекеттик академиялык театрдын директору Кирилл Крок жана Россотрудничествонун Кыргызгызтандагы өкүлчүлүгүнүн жетекиси Альберт Зульхарнеев сөз сүйлөштү.
Алтынбек Максутов өз сөзүндө театр менеджерлеринин Вахтангов фестивалы Кыргызстанда өтүп жатышы жалпы театр дүйнөсүнө зарыл жана маанилүү иш аракет экендигин белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.
Вахтангов фестивалы тажрыйба алмашуу, театр искусствосу жаатындагы жаңы тенденциялар жана перспективалар, келечектеги долбоорлор жана демилгелерге шык берүүчү аянтча. Фестиваль бардык катышуучулар үчүн жемиштүү тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп, профессионалдык өсүштүн гана эмес, чыгармачылыктын жана достуктун иш чарасына айлансын деп белгиледи.
Ал эми, Евгений Вахтангов атындагы мамлекеттик академиялык театрдын директору Кирилл Крок: "Биз күнөстүү, меймандос Бишкекте болгонубузга кубанычтабыз. Кыргызстан менен Россиянын маданият тармагында, тактап айтканда театр тармагында узак жана бекем достук байланыштары бар. Вахтанг театр менеджерлеринин "ВФТМ Кыргызстан- 2024" эл аралык сессиясы - бул Россиянын, Кыргызстандын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн театрларынын мыкты адистери заманбап театр менеджментинде кесиптик билимдери менен бөлүшө алышат. Чакыруу үчүн рахмат "- деп ыраазычылык билдирди.
Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Россия, Беларусия мамлекеттеринин театр чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышып жатат.
Фестиваль 4 күнгө уланат. Биринчи күн Россиянын ар кайсы институттары тарабынан башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн ачык болгон мүмкүнчүлүктөрдүн спектрин изилдөөгө арналган. Анда гастролдук программалар, стажировкалар, гранттык конкурстар, студенттер менен алмашуу, лабораториялар, фестивалдарга катышуу ж.б. темаларга арналат.