Бишкекте “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги” аттуу эл аралык форуму болуп өттү

Июнь 10, 2025 - 15:50
Июнь 10, 2025 - 17:58
 17

Бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында “Чыңгыз Айтматов – түрк дүйнөсүнүн келечеги” аттуу эл аралык форум өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, Улуттук илимдер академиясынын президенти Канат Абдрахматов, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, Түркиядагы Ч. Айтматов атындагы адабият институтунун директору Ильяс Топсакал, Казакстан жазуучулар союзунун төрагасы Мереке Кулкенов, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын төрага орун басары Акмал Саидов, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илимпоздор жана маданият өкүлдөрү катышты

Форумда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы, анын дүйнөлүк жана түрк маданиятына кошкон салымы тууралуу ар кыл темада баяндамалар жасалды. Катышуучулар Айтматовдун идеялары азыркы замандагы гуманитардык маселелерди чечүүдө да маанилүү экенин белгиледи.

Форум түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы илимий жана маданий кызматташтыкты тереңдетүү максатында уюштурулду.