Бүгүн, 10-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайына барып, окуу жайдын мугалимдер жамааты жана студенттери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун алкагында министр билим берүү мекемесинин учурдагы абалы менен таанышып, жаңы окуу имаратынын курулушуна байланыштуу суроолорго жооп берди. Мирбек Мамбеталиев белгилегендей, учурдагы имарат 85 жылдан ашуун убакыттан бери колдонулуп келе жатат жана бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербей калган. Дубалдардын көгөрүшү музыкалык аспаптарга зыян тийгизип, жатакананын жоктугу студенттер үчүн түйшүк жаратып келет.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча, эски имараттын ордуна заманбап, кенен, жатаканасы бар жаңы окуу жай курулат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өлкөбүздөгү маданий жана көркөм билим берүү мекемелеринин өнүгүшүнө мындан ары да толук кандуу колдоо көрсөтүүнү улантат.