Мирбек Мамбеталиев “Кыргызстан жаштар кыймылынын” отчеттук презентациясына катышты

Июнь 11, 2025 - 22:59
 16

Бүгүн, 11-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң жыйындар залында “Кыргызстандын жаштар кыймылынын” 1 жылдык жыйыны болуп өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар аймактарынан келген 500дөн ашуун катышуучу — жогорку окуу жайларынын студенттери, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев министрликтин негизги багыттары боюнча маалымат берип, жаштар демилгелерин бардык деңгээлде колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

“Кыргызстандын жаштар кыймылы — бул өлкөнүн жигердүү жаштарын коомдук турмушка катышууга шыктандырып, жарандык аң-сезимди калыптандырууга жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Биз сиздердин идеялардын жана демилгелерди колдоону улантабыз”, — деди министр өз сөзүндө.

Жыйын 2024-жылдагы иштердин жыйынтыгын чыгаруу, учурдагы маселелерди талкуулоо жана 2025–2026-жылдарга карата артыкчылыктуу багыттарды аныктоо үчүн аянтча болду. Катышуучулар жылдык отчётту угуп, өз ара тажрыйба алмашып, маданият, билим берүү жана аймактык өнүгүү тармактарындагы жаштар саясатын өркүндөтүү боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.