25-майдан 1-июнга чейин Россия Федерациясынын Приволжский федералдык округунун беш шаарында – Нижний Новгород, Казань, Самара, Чебоксары жана Саратовдо – “ГИТИСFEST. Театральное Приволжье – 2025” эл аралык театралдык фестивалы өттү.
Ага Кыргызстандын атынан Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы (КУАДТ) Театралдык окуу жайынын 1-2-3-курстарынын 9 студенти катышты. Алар аталаган фестиваль-лабораторияга А. П. Чеховдун “Медведь” бир көшөгөлүү эскизи менен барган. Режиссёр-коюучусу Евгения Тодорова.
Фестивалдын программасына ылайык, билим берүү жана чыгармачылык багытындагы бир катар иш-чаралар пландалган. Алсак, ГИТИСтин алдыңкы педагогдорунун мастер-класстары, документалдык тасмаларды көрсөтүү, Чебоксары шаарында атайын билим берүү платформасы жана ГИТИС театралдык институтунун актёрдук факультетине кабыл алуу боюнча тандоо сыяктуу өзгөчө мүмкүнчүлүктөр каралган.
Ошондой эле фестивалдын катышуучулары үчүн Волга дарыясы менен “А. С. Попов” кемесинде чыгармачылык саякат уюштурулуп, көркөм пейзаждар менен шыктануусуна шарт түзүлгөн.
Фестиваль улуу орус классиги Антон Павлович Чеховдун туулгандыгынын 165 жылдыгына арналган. Катышуучулар күн сайын Чеховдун чыгармаларына кайрылып, аларды окуп, талдап, репетиция кылып, сахналаштырды.
Фестивалдын максаты – Приволжский федералдык округунун аймагында театр искусствосун өнүктүрүү, эл аралык маданий кызматташууну кеңейтүү жана жаш театр ишмерлеринин чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо.
Иш-чара жалпысынан 12 режиссёр, 20 чет элдик студент-актёр жана 100гө жакын катышуучунун Россия, Кытай достук өлкөлөрдүн театралдык окуу жайларынын студенттеринин жана театр сүйүүчүлөрүнүн башын бириктирди.
Бул фестиваль Кыргызстандык студенттер үчүн кесиптик багыттагы чоң тажрыйба гана эмес, эл аралык маданий мейкиндикте өлкөнүн маданиятын таанытуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат.