Чыңгыз Эсенгул уулу ШКУнун катышуучу өлкөлөрүнүн спорт министрлерин КМШ жана ШКУнун эл аралык Ысык-Көл оюндарына чакырды

Май 24, 2024 - 23:10
Май 25, 2024 - 11:45
 12

Бүгүн, 24-майда Алматы шаарында (Казакстан) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө жооптуу министрлик жана ведомстволордун жетекчилеринин кеңешмесине катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы дене тарбия жана спорт жаатында өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүнүн жана бекемдөөнүн эң маанилүү аспектилери талкууланды.
Чыңгыз Эсенгул уулу өз сөзүндө жыл өткөн сайын ШКУ өлкөлөрүнүн арасында дене тарбия жана спорт маселелери актуалдуу болуп баратканын белгиледи. Шанхай уюмунун духунда ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнүн негизги урааны болуп "Дене тарбия жана спорт — бул улуттун саламаттыгы, ал эми дени сак улут – ар бир мамлекеттин өнүгүшүнүн жана гүлдөп өнүгүшүнүн кепилдиги" деп белгиледи.
"Глобалдык жылуулуктун аймактык климаттык жана экологиялык процесстерге таасиринин күчөп бараткан факторун белгилебей коюуга болбойт. Биз байкагандай, бүгүнкү күндө бул биздин макроаймактагы климаттын жана экосистемалардын акырындык менен өзгөрүшүнө өбөлгө түзөт. Бул контекстте элдердин ден -соолук индексин жогорулатуу жана бекемдөө турмуштук маанилүү милдеттерден болууда. Акыркы жылдары ШКУ өлкөлөрүнүн калкынын арасында сергек жашоо образын жайылтуу боюнча максаттарды ишке ашыруу биздин көп тараптуу кызматташтыктын алкагында конкреттүү күн тартибине ээ болду. Бара-бара бул багыт ар кандай спорттук иш-чаралар түрүндө форматтын туруктуу жана мүнөздүү өзгөчөлүктөрүнө ээ болууда. Биз ШКУнун бир катар спорттук иш-чаралары интеграциялык бирикменин курамына кирбеген өлкөлөрдү чакыруу менен ачык форматта өткөрүлүп, жыл сайын көп сандагы катышуучулар чогултулуп жана эл аралык спорттук бирикмелердин календарларына киргизилип жаткандыгына сыймыктанабыз. Бул, албетте, баарыбыз үчүн чоң жетишкендик", - деди ал.
Министрдин орун басары кеңешменин жүрүшүндө Шанхай уюмунун бардык өкүлдөрүн жана спортчуларын 2024-жылдын сентябрь айында Кыргыз Республикасында өтө турган КМШ жана ШКУ өлкөлөрүнүн кезектеги эл аралык Ысык-Көл оюндарына чакырды.
Сөзүнүн аягында Чыңгыз Эсенгул уулу ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук командаларынын арасында спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча аймактык эл аралык турнирлерди, биргелешкен окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүү келечекте Шанхай уюмунун жаштарынын жаңы муундары үчүн сергек жашоо образын жүргүзүүнүн жаркын жолу катары кызмат кыла турган олимпиадачылардын жогорку жетишкендиктерин көрсөтүү үчүн көбүрөөк шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн эске салды.
Кеңешмеге Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларустун спорт министрлери жана жетекчилери, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысы катышты.