Чынгыз Эсенгул уулу Беларустун спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен жолукту

Май 25, 2024 - 14:23
 12
Чынгыз Эсенгул уулу Беларустун спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен жолукту
Бүгүн, 2024-жылдын 25-майында Алматы шаарында (Казакстан) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу ШКУга мүчө-мамлекеттердин спорт министрлеринин жыйынынын алкагында Беларусь Республикасынын спорт жана туризм министри Сергей Ковальчук менен жолукту.
Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы мамилелер салттуу достук мүнөзгө ээ экенин жана стратегиялык өнөктөштүк маанайында өнүгүп жатканын белгиледи.
Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы спортту өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө маселелерин талкуулашты.
«Кыргызстан менен Белорусь— узак жылдардан бери мамилеси бар бекем союздаштар, анын ичинде дене тарбия жана спорт тармагында кызматташыкта. Муну биздин жолугушуулардын үзгүлтүксүз өткөрүшү тастыктап турат», — деди министрдин орун басары.
Өз кезегинде Сергей Ковальчук Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштар эч качан үзгүлтүккө учурабаганын жана мындан ары да дене тарбия жана спорт тармагындагы заманбап мамилелерибиз үчүн бекем пайдубал түптөлүп жатканын баса белгиледи.