Жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумунын жыйынтыгы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду

Май 28, 2024 - 12:05
 15
Жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумунын жыйынтыгы менен  кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду
25-май күнү Чолпон-Ата шаарында 15тен ашуун өлкөнүн музыкалык окуу жайларынын ортосунда расмий кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу аземи болуп өттү. Бул маанилүү иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият,маалымат,спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы уюштурган жогорку музыкалык окуу жайлардын ректорлорунун эл аралык форумунун алкагында болду.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз улуттук консерваториясынын 30 жылдыгына арналган бул форумга Россия, Кытай, АКШ, Франция, Венгрия, Польша, Германия, Италия, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, Вьетнам, Бириккен Араб Эмираттары, Тажикстан жана Азербайжан сыяктуу 35 өлкөнүн белгилүү маданият ишмерлери жана 15 Музыкалык ЖОЖдун өкүлдөрү катышты.
Меморандумга кол коюу аземи музыкалык билим берүүнү өнүктүрүүгө жана студенттер менен окутуучулардын кесиптик өсүшүнө багытталган эл аралык кызматташтыктын жана маданий алмашуунун жаңы этабын билдирет. Катышуучулар меморандумду биргелешкен билим берүү, маданий долбоорлорду ишке ашыруу, өлкөлөр ортосундагы байланышты чыңдоо жана музыкалык искусствонун деңгээлин жогорулатуу үчүн негиз болооруна ишеним билдиришти.
Эл аралык форум жана меморандумга кол коюу, дүйнөлүк деңгээлде музыкалык билим берүү жана маданий алмашуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн күч-аракеттерди жана ресурстарды бириктирүү аракетин баса белгилейт.