Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги 2025-жылдын 17-18-майында Бишкек шаарында өтө турган Эл аралык музейлер күнүнө карата
“Музейлер түнү” акциясына арналган иш-чаралар өтө турганын маалымдайт.
Бул күндөрү төмөнкү музейлер эшигин ачып, атайын программа менен иш алып барат:
• Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи;
• Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;
• Михаил Фрунзе атындагы үй-музейи.
Иш-чаралар саат 17:00дө башталып, “Музейлер түнү” форматында түнгө чейин уланат.
Программа ар тараптуу жана бай, мазмундуу болот деп күтүлүүдө — искусствого, эстеликке жана муундар ортосундагы диалогго басым жасалат. Өзгөчө көңүл Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына бурулат. Бул темага арналган атайын иш-чаралар да пландалууда.
Программада төмөнкүлөр каралган:
• Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаралар жана атайын көргөзмөлөр;
• Лекциялар, экскурсиялар жана музейдик квесттер;
• Элдик аспаптар ансамблдеринин жана заманбап аткаруучулардын, ошондой эле DJ-сеттердин катышуусунда концерттер;
• Живопись, кол өнөрчүлүк жана анимация боюнча мастер-класстар;
• Кино көрсөтүүлөр жана арт-перформанстар;
• Жарманкелер, фотоаймактар, лотереялык оюндар жана башка кызыктуу иш-чаралар.