Бүгүн, 15-майда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган адабий-музыкалык салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Салтанатка мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери, илимий жана чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү, акын-жазуучулар жана кыргыз поэзиясынын күйөрмандары катышты.
Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу мааракелик иш-чарада куттуктоо сөз сүйлөп, акындын поэтикалык жана руханий мурасынын маанисин белгиледи:
“Сооронбай Жусуев – жөн гана адабият тарыхында аты калган инсан эмес. Бул элдин үнү, жүрөктүн тарбиячысы, муундардын дем берүүчүсү. Анын ырлары Ата Мекенди сүйүүгө, ата-бабаларды урматтоого жана тынчтыкты баалоого үндөгөн. Чыгармалары – биздин сыймыгыбыз жана багытыбыз”.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Сооронбай Жусуевдин поэзиядагы гана эмес, улуттук аң-сезимдеги ордун белгиледи:
“Мектеп кезинен эле биз Сооронбай Жусуевдин “Алакан” деген ырын окуп, жүрөгүбүзгө тынчтыкты, кайрымдуулукту, Улуу Жеңишке болгон сый-урматты сиңирип өстүк. Анын “Кымбатым”, “Ойлодуң бекен мени сен”, “Оо анда көктөм эле”, “Өмүргө адам бир келет”, “Кош жылдыз”, “Эңсөө” сыяктуу чыгармалары элибиздин обондуу жана поэтикалык мурасына айланды. Ал ошондой эле Шекспир, Пушкин, Омар Хайям сыяктуу дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргызчага которуп, улуттук маданиятыбызды дүйнөлүк адабият менен байыткан. Сооронбай Жусуевдин мурасы кыргыз элинин жүрөгүндө жашай берет”.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев акындын кыргыз адабиятына жана маданиятына кошкон зор салымын баса белгиледи:
“Ал өз доорунун абийири болду. Анын поэзиясы – кыргыз рухунун жандуу кеби, лириканын, терең ойчулдуктун жана жарандык кайраттуулуктун жуурулушу. Биз анын ысымын гана эмес, анын бийик, чынчыл жана элдик поэзиясынын салтын улантууга милдеттүүбүз”.
Мааракелик кече театрлаштырылган сахналык көрүнүштөр менен коштолуп, акындын сөзүнө жазылган обондуу ырлар аткарылып, чыгармаларынан көркөм окуулар орун алды.