Бүгүн, 15-майда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, III даражадагы “Манас” орденинин ээси, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракесине арналган китеп жана сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, акын-жазуучулар, маданият ишмерлери жана кеңири коомчулук катышты.
Министрдин орун басары Марат Тагаев өз сөзүндө акындын өмүр жолу жана эмгеги тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
"Сооронбай Жусуевдин өмүр жолу — биз үчүн чоң сыймык жана келечек муундар үчүн өрнөк. Ал жаш кезинде колуна курал алып, Мекенди коргоп, согуш талаасында салгылашса, андан кийин калемин колго алып, кыргыз поэзиясына өчпөс из калтырды. Анын салымы адабият, маданият жана журналистика тармагында теңдешсиз".
Акын алгачкы ырларын 18 жашында фронтто жазган. “Алдыга жүргүн, кыргыздар!”, “Биз жеңишчил” деген чыгармалары согуш темасына арналган. Кийин тагдыр ага сүйүү, тынчтык, эмгек жөнүндө да ыр жазууга шарт түздү. Акындын 30дан ашык китеби жарык көрүп, алардын 14ү орус тилинде басылып чыккан. Анын чыгармалары казак, өзбек, украин, азербайжан тилдерине да которулган. Ошондой эле ал дүйнөлүк классиктер — Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Маяковский, Есенин, Омор Хаям, Абай сыяктуу акындардын чыгармаларын кыргызчага которгон.
Сооронбай Жусуевдин 70тен ашык ырына Рысбай Абдыкадыров, Асылбек Өзүбеков, Исрадин Аманбаев сыяктуу обончу-композиторлор обон жараткан.
Көргөзмөдө акындын чыгармачылыгына байланыштуу китептери, кол жазмалары, жеке сүрөттөрү, сыйлыктары, ошондой эле сүрөтчүлөрдүн иштери жана тематикалык инсталляциялар коюлган.
Белгилей кетсек, китеп жана сүрөт көргөзмөсү Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесинин иш-чаралар планына ылайык ачылып, жыл бою дагы башка бир катар илимий жыйындар, акындын чыгармачылыгына арналган кече жана жолугушуулар белгиленет.