Керектөөчү көңүл борборунда: кызыкчылыктардын тең салмактуулугунан талаш-тартыштарды адилеттүү чечүүгө чейин

Май 16, 2025 - 10:06
Май 26, 2025 - 11:27
 20
Керектөөчү көңүл борборунда: кызыкчылыктардын тең салмактуулугунан талаш-тартыштарды адилеттүү чечүүгө чейин

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо маалымат алуу укугун, тийиштүү кызмат көрсөтүүнү, ошондой эле бузулган учурда кайрылуу укугун камтыйт. Эгерде керектөөчү сапатсыз кызмат алса, ал кызмат көрсөткөн мамлекеттик органга (мындан ары – ведомство) же Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы сыяктуу керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо органдарына кайрыла алат. 

Маалымат алуу укугу:

* Сиз керектөөчү катары мамлекеттик кызматтардын түрлөрү, мөөнөттөрү, көрсөтүү тартиби жана шарттары, ошондой эле баалары (тарифтери) жөнүндө толук жана ишенимдүү маалымат алууга укуктуусуз.

* Маалымат жеткиликтүү формада, анын ичинде кызмат көрсөтүп жаткан ведомствонун же мамлекеттик мекеменин расмий сайтында берилиши керек.

Талаптагыдай кызмат көрсөтүү укугу:

* Сиз белгиленген мөөнөттөргө жана шарттарга ылайык талаптагыдай сапаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө укуктуу.

* Көрсөтүлгөн кызматтагы кемчиликтер табылган учурда Сиз аларды жоюуну же компенсациялоону талап кыла аласыз.

Керектөөчү катары Сиз төмөнкүлөргө укуктуусуз:

Кайрылуу укугу:

* Сиз керектөөчү катары укуктарыңыз бузулган учурда кызмат көрсөткөн ведомствого доомат менен кайрыла аласыз.

* Эгерде доо канааттандырылбаса, анда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына, андан кийин сотко кайрылыңыз. 

Өз укугуңузду кантип коргосоңуз болот:

1. Мамлекеттик кызмат көрсөткөн аткаруучуга даттануу:

Кызмат көрсөтүүнү аткаруучуга карата бузуулардын жана талаптардын маңызын жазуу жүзүндө баяндаңыз. Керектөөчү катары даттануу менен кайрылып, көрсөткөн кызматка кандай дооматтарыңызды арызда чагылдырыңыз.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кайрылуу:

Эгерде керектөөчү катары Сиз берген даттануу арызды ведомство канааттандырбаса, анда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына кайрылыңыз.

3. Сотко кайрылуу:

Сиз керектөөчү катары Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик мыйзамдарында каралган тартипте доо арыз менен сотко кайрылууга укуктуусуз.