Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 137 Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын, ошондой “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында
бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2025-жылдын январынан август айына чейин төмөнкү иштер аткарылды.
1. 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) аткаруу боюнча
2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) аткаруу алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен көрсөтүлгөн Планды ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүдө иш жүргүзүлүп жатат жана прокуратуранын талабы боюнча этика боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү, министрликтин коррупцияны алдын алуу боюнча ведомстволук планы, коррупциялык тобокелчиликтери тууралуу маалымат жиберилген.
Ошондой эле 2025-жылдын сентябрь айына карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы (2025-2027-жылдардын орто мөөнөттүү мезгилинде I этап үчүн) 2025-жылдын 1 жана 2 кварталдарында, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткаруусу тууралуу маалымат жиберилген.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар пландын 5-главасынын 1-пункттун 2-пунктчасын аткаруу тууралуу маалымат жөнөтүлгөн.
Андан сырткары, 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар пландын 9-главасынын 12-пунктун аткаруу тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине жиберилген.
Министрлик тарабынан 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планды ишке ашыруу алкагында ведомстволук пландын аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүлүп жаткандыгы баса белгилейбиз.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги боюнча
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 8-августундагы № 47972 тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин кайра карап чыгуу иши жүргүзүлгөн. Көрсөтүлгөн тизмектин талдоосунун жыйынтыгы боюнча анын кайра карап чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 токтому менен белгиленген тартипте бекитүү муктаждыгы бар экендиги аныкталды.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 8-августундагы № 47972 тапшырмасынын 1-пунктун аткаруу максатында “Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругунун долбоору иштелип чыгып, мамлекеттик органдарга макулдашууга жиберилген. Макулдашуунун жыйынтыгы боюнча аталган буйруктун долбоору белгиленген тартипте кабыл алынат.
3. Коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча жарандардын кайрылууларын кароо боюнча
2025-жылдын 8 айдын жыйынтыгы боюнча 7 жарандардын кайрылуусу келип түшкөн, анын ичинен 2 кайрылуу укуктуу баа максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, 1 кайрылуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процесстик кодексинин 159-беренеси менен белгиленген тартипте кылмыш ишин козгоо мүмкүнчүлүгүн кароо максатында жиберилген.
Ошондой эле отчёттук мезгилде 8 кызматтык териштирүүдө катыштым, анын ичинен: коррупция алдын маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Ф.Б. Ажибаев кызматтык териштирүү комиссияларында төрага болгон. Кызматтык териштирүү алкагында жарандардын кайрылууларына жооптордун сапатын жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмалары, бюджеттик каражаттарды өз убагында жана максаттуу колдонууга байланыштуу сунуштар берилген.
4. Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча Министрлик системасынын кызматкерлерин окутуу боюнча
Отчёттук мезгилде 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын аткаруу алкагында министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери үчүн 2 жолу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен биргеликте 2 тренинг өткөрүлгөн.
2025-жылдын февраль айында коллегия алкагында маданият бөлүмдөрдүн башчылары жана башкы эсепчилер үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү мыйзамдардагы өзгөртүүлөр боюнча окутуулар өткөрүлдү.
Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлерди окутуу боюнча мамлекеттик тапшырыктын алкагында Министрликтин борбордук аппаратынын 18 кызматкери Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын базасында “Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегия" темасында окутуу курсунан ийгиликтүү өтүштү.