“Мыкты кыргыз боз үйү” жана “Улуу мурас” сынактарынан фото репортаж

Май 29, 2025 - 18:53
Май 30, 2025 - 14:28
 10

VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын алкагында өтүп жаткан “Мыкты кыргыз боз үйү” жана “Улуу мурас” (каада-салттар жана жөрөлгөлөр) сынагы болду.

Аталган сынактарга Кыргызстандын жети дубанынан боз үй жасаган усталар, уз-чеберлер, өнөр адамдары катышып, буюм-тайым, жасаган эмгектери менен тааныштырууда.

Ошону менен катар “Улуу мурас” сынагынан кыргыз элинин жуучу түшүү, сөйкө салуу, келин алуу, балага азан чакырып ат коюу, баланы бешикке бөлөө ж.б. жөрөлгөлөрү көрсөтүлдү.
Атайын түзүлгөн калыстар тобу этномаданий боз үйлөр шаарчасын кыдырып, баалоо иштерин жүргүздү.

Жыйынтыгы, эртең 30-майда чыгып, жеңүүчүлөр сыйланат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин, КМШга мүчө-өлкөлөрдүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду (МФГС), Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги, Түрк мамлекеттер уюму, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун колдоосу менен “Манас” улуттук академиясынын, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын жана “Арт-араба” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылды.