Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү

Май 29, 2025 - 17:51
Май 30, 2025 - 09:22
 11
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бишкекте дизайнерлердин диалогу өттү
Бүгүн, 29-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде VIII Бүткүл дүйнөлүк “Дүйнө элдеринин эпостору” фестивалынын программасына ылайык “Этникалык стиль жана мезгил образы” аттуу тегерек стол өттү.

Иш-чарага Россиядан, Казакстандан, Өзбекстандан келген жана Кыргызстандын алдыңкы дизайнерлери, эксперттер катышып, өз баяндамаларын жана презентацияларын сунуштады. Алар этникалык мотивдерди заманбап модада, дизайнерлик тажрыйбада жана маданий саясатта сактоо жана жаңычылдык менен кайра жаратуу маселелерине токтолду.

Талкуунун өзөгүн — салттуу формаларды, улуттук кийимдердин орнаменттери менен калыптарын XXI кылымдын ритмине ылайыкташтыруу, бирок ошол эле учурда алардын аутентүүлүгү жана руханий тереңдикти сактоо маселеси түздү. Ошондой эле этностиль иденттүүлүктүн көркөм чагылдырылышы гана эмес, маданий кызматташуунун аянтчасы катары кызмат кыла алары тууралуу ойлор айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү темалар козголду:
• кол өнөрчүлүк салттарын сактоо жана жергиликтүү усталарды колдоо;
• этноэстетиканы туруктуу дизайнда колдонуу;
• эл аралык долбоорлордо улуттун визуалдык образы катары улуттук костюмдун ролу.

Иш-чаранын расмий бөлүгү аяктагандан кийин конокторго кыргыз улуттук ашканасынан даярдалган фуршет уюштурулду. Катышуучулар жана меймандар кыргыз элинин даамдарынан татып, маданий иш-чара аяктады.

Маалымат үчүн:
“Дүйнө элдеринин эпостору” VIII Бүткүл дүйнөлүк фестивалы — Кыргыз Республикасында өтүп жаткан, дүйнөнүн 30дан ашуун өлкөсүнөн өкүлдөр катышкан эң ири эл аралык маданий иш-чара. Анын негизги максаты — дүйнө элдеринин эпостук мурасын сактоо, даңазалоо жана азыркы доорго ылайык жаңыча интерпретациялоо болуп саналат.