Алтынбек Максутов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту

Июль 15, 2024 - 18:46
 15
Алтынбек Максутов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту
Бүгүн, 15-июлда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылдыгын белгилеп, Алыкул Осмонов атындагы үй-музейди реставрациялоо жана музейлештирүү долбоорун талкуулашты.
Тараптар жолугушуунун жыйынтыгында, белгиленген багыттар боюнча мындан ары кызматташууга дайын экендигин билдиришти.